Биз менен байланышыңыз

Осмонов: Өлкөдө 600дөн ашуун бала бакча жетишпейт

Кыска кабар | 17 Фев 2022 | 451 | 0

Жогорку Кеңештин 17-февралдагы отурумунда депутаттар ар кыл маселелерди карашып, өкмөткө бир нече протоколдук тапшырма беришти.

Депутат Айбек Осмонов өлкөдө 600дөн ашуун бала бакча жетишпесин белгиледи.

«Балдардын 30%га жакыны гана мамлекеттик бала бакчага барат. Бул жаатта алгылыктуу аракеттерди көрүүбүз кажет. Социалдык мекемелердин курулушуна багытталган каражаттарды көбөйтүп, бул жаатта иштеген кызматкерлердин маянасын көтөрүү зарыл», – деди.

Ошондой эле ал Мамлекеттик курулуш агентигинин бюджетин 10 млрд сомго чыгаруу керектигин белгиледи. Анын пикиринде, Мамкурулуштун бюджетин көтөрүү менен бүгүнкү күндө парламентте көтөрүлүп жаткан көйгөйлөрдүн 90%ы чечилет.

Ушундай эле пикирге токтолгон депутат Миргүл Темирбаева Лейлек районунда капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж мектеп имараттары арбындыгын, алардын катарында Чымген, Ак-Арык, Ай-Бийке, Көк-Таш өңдүү айылдардагы мектептер бар экенин айты.

Copyright © 2017 Maral FM