Биз менен байланышыңыз

Икрамов Баткенге Суворов аскердик окуу жайынын филиалын ачууну сунуштады

Кыска кабар | 27 мая 2021 | 1992 | 0

Бүгүн, 27-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов Баткен окуясында «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайда чыккан куралдуу кол салууда каза болгон үч жоокерге «Эл баатыры» наамын берүүнү сунуштады.

Ошондой эле ал Баткен окуясында жарадар болгон жана аягына чейин күрөшүп турган жоокерлерге «Данк» медалын берип, колдоо керектигин айтты.

Эл өкүлү мындан сырткары Баткен облусуна Суворов атындагы аскердик окуу жайдын филиалын ачууну суранды.

«Баткен облусуна Суворов атындагы аскердик окуу жайын ачып берсеңиздер, өтө жакшы болмок. Ошол жердеги канчалаган жаштарыбыз окуп, келечекте элибизге, жерибизге чоң кызмат кыла турган жаштарыбыз өсүп чыкмак. Ушул маселени карап берсеңиздер, мен протоколдук тапшырма катары берет элем» , — деди Икрамов.

Copyright © 2017 Maral FM