Биз менен байланышыңыз

Икрамов: Жарык өчөт экен десе, эми көмүрдүн баасын көтөрүп жатышат

Кыска кабар | 7 Окт 2021 | 502 | 1

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги кайсы жакты карап отурат, мен билбейм. Жарык өчүрүлүп жаткан учурдан пайдаланып, көмүр саткандар бааны көтөрүп жатышат. Муну көзөмөлдөө керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов парламенттин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Анын айтымында учурда көмдүн баасын көзөмөлдөгөн эч ким жок.

«Бишкектин айланасында бир тонна көмүрдүн баасы 4,5 миң болсо, Караколдо эле 6 миң сом. Ал эми Баткенде 7,5 миң сом болуп жатат. Ошол эле учурда көмүрдүн сапатына да көңүл буруш керек. Бизде бир нерсени билсе эле ошол жактан бизнес кылууну көздөгөндөр чыгып жатат. Пандемия күчөп турганда компьютердик томографияны көтөрүп алышты. Быйыл жарык өчөт экен десе, эми көмүрдүн баасын жасалма көтөрүп жатышат» , — деди Икрамов.

Ошондой эле ал учурда элдин эң негизги маселеси көмүр экендигин айтып, өмөттү чечүүгө чакырды.

1 пикир

1 пикир

  1. Кошой арстан

    07.10.2021 11:16

    Тазабек дагы кызык экен.Пиар кылмыштын кереги жокда Свет өчөт экен деп.Арпн турган комурчулорго май тамызып бердида.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM