Биз менен байланышыңыз

Тазабек Икрамов Өкмөттүн отставкасын талап кылды

Кыска кабар | 8 Апр 2021 | 2090 | 0

Бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов Өкмөттүн отставкасын талап кылууну депутаттарга сунуштады.

Анын айтымында, Өкмөт башчыны, анын орун басарын жыйынга чакырбай эле кетирүү керек. Алардын ордуна иштей турган таза кызматкерлер келиши керек.

«Эртеден бери депутаттар Ички иштер министри Улан Ниязбековдун келип, Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча жооп берүүсүн талап кылып жатабыз. Бирок, азыркыга чейин кармалып жатат. Негизи Өкмөттү башынан бери эле сындап айтып келем. Бензин, азык-түлүк кымбаттады, күн сайын коронавирустан 3-4 бейтап көз жумуп жатат. Күндүзү эле жаңы конуштарда үйлөрдү тоноп жатат. Кылмыштуулук көбөйдү. Депутаттардын баарын чакырат элем, Өкмөттүн отставкасын талап кылбайлыбы? Парламент өзүбүздүн күчүбүздү көрсөтпөйлүбү?! Эл бизден ушуну талап кылып жатат»,  — деди Икрамов.

Ошондой эле ал өлкөдө болуп жаткан окуяларга Өкмөт эч кандай реакция кылбай жатканын сынга алды.

Copyright © 2017 Maral FM