Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеште Саламаттыкты сактоо министрин кызматтан алуу сунушталды

Саясат | 28 Апр 2021 | 1805 | 0

Бүгүн, 28-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйыны саламаттыкты сактоо тармагындагы бир катар көйгөйлөрдү кароо, өлкөдөгү эпидемиялык абал жана даярдыктар боюнча Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин жыйынга келип, маалымат берүүсүн талап кылуу менен башталды.

Буга чейин Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин мүчөлөрү Бейшеналиевди кызматтан алуу тууралуу Жогорку Кеңештин 28-апрелдеги жалпы жыйынында сунуш киргизмей болушкан. Бирок комитеттин чечими Жогорку Кеңештин күн тартибине киргизилбегенине депутат Улукбек Ормонов таң калып, Республикалык штаб эмне иш алып барып жатканы белгисиздигин сынга алды.

Мен комитеттин жыйынына катышкам, штабдын кандай иш алып барып жатканын угалы дегенбиз. Өлкөдө абал оор. Азыр эмне иш алып барып жатканын билбей жатабыз. Мен мына өзүм эле кечээ Токмокто каза болгон бала боюнча угайын дегем. Мындай маселелер көп. Суроолорду бергенбиз. Эмне үчүн күн тартибинде жок, таң калып жатам.

Ал эми депутат Тазабек Икрамов Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин комитеттерге, палатанын жыйындарына келбей жатканын сынга алып, президент колдогону үчүн асманда учуп калбашы керектигин эскертти.

— Министрди комитетке чакырсак келбейт, жалпы жыйында кароо чечимин кабыл алсак, күн тартибине киргизилбептир. Урматтуу төрага, ушул жерде отурган депутаттарды сыйлоо керек. Президентке жакын адамдарды көргөнбүз, буга чейинки министрлер да жакын болгон. Кана ошолор, бүгүн каякта жүрөт? Анчалык асманда жүрбөш керек. Ушул жерге чакырып, отставкасын карашыбыз керек».

Бул сунуш өткөн аптада да ушул комитетте көтөрүлгөн. Депутаттар: «Бейшеналиевдин коронавирусту уу коргошун менен дарылоо тууралуу билдирүүлөрү кызмат ордуна ылайык келбейт», — деп өкмөткө сунуш жолдошкон.

Ал ортодо Депутат Камчыбек Жолдошбаев Саламаттыкты сактоо министрин колдоону депутаттардан суранды. Анын айтымында, Бейшеналиев өлкөдө оптимизация боюнча чоң иштерди жасаган. Ошондой эле  ал уу коргошунду Манастан келе жаткан элдик дарылануу деп атап, Каныкей «денеси чыңалсын» деп, Манас баатырга бергенин мисал келтирди.

— Пандемия боюнча бир топ жакшы иштерди жасап, Түркия, Кытайга чейин барып келген. Ушуну депутаттар ортодон туруп алып эле интрига кылып жатат. Жакшы иштеп жаткан кишини жөн коюш керек болуп жатат. Көрөлү, убакыт келсин. «Уу коргошунду ичкиле» деген жок ал. Бул илгертен келе жаткан, тактап айтканда, Манастан келе жаткан элдик дарылануу. Каныкей «денеси чыңалсын» деп, Манас баатырга берген.

Жыйын регламент боюнча уланып, депутаттар бир канча социалдык-экономикалык маселелерди карады. Ошондой эле азык-түлүктүн кымбатташы боюнча биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковдун маалыматын угушту.

Азык-түлүк боюнча 3 саатка созулган талкуудан соң, депутаттар кайрадан Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин жалпы жыйынга келбегенин сындоого өтүштү.

Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин иш сапар менен Нарын облусунда жүргөнүн билдирди. Буга чейин комитеттин жыйыны өткөн 26-апрелде анын Ош обусунда иш сапар менен жүргөнү айтылган.

Депутат Тазабек Икрамов кайрадан сөз алып, министрдин келбегенин парламенттин бүгүнкү деңгээлине салыштырып, «Жогорку Кеңештин алдына келип аткарылып жаткан иштери боюнча маалымат бербесе, мындай министрди эмне үчүн кармап отурушубуз керек?» — деген суроо салды.

Ошондой эле ал министрдин отставкасын талап кылуу боюнча комитеттин чечимин добушка коюуну сунуштады.

Мындай сунушту эл өкүлү Дастан Бекешов да колдой турганын билдирди.

«Кимдин досу болбосун, президенттин досу болобу, ал туура эмес кылып жатат. Өзү уу коргошунду реклама кылып, а чындыгында президентти уят кылып жатат. Президент аны коргоп жатат. Аны алдыда дагы уят кылат. Ошондуктан бүгүн чекит коюшубуз керек».

Жыйындын жүрүшүндө министрдин келбегенине нааразы болгон депутаттар аны кызматынан бошотууну сунушташты.

Жыйындын аягында өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча кайрадан комитетте карап, жалпы жыйынгы алып чыга турган болушту.

Мындан сырткары Жогорку Кеңештин депутаттары ушул жылдын  3-7-майында аймактагы шайлоочулар менен иштешет. Мындай чечим 28-апрелде парламенттин кеңешмесинде, депутаттардын көпчүлүгүнүн макулдугу менен кабыл алынды.

Copyright © 2017 Maral FM