Биз менен байланышыңыз

Коррупционерлердин Парламентке келүүсүнө чек койгон мыйзам долбоору талкууга чыкты

Кыска кабар | 28 мая 2020 | 1022 | 0

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу долбоор 28-майдан тартып коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу билдирди.

Мыйзам долбоорунда учурдагы мыйзамга «чет өлкөлүк банктарда жашыруун эсеби болгондор, 319-берене («Коррупция») менен соттолгондор жана алардын жакын туугандары парламент депутаты боло албайт» деген өзгөртүү киргизүү сунушталган.

Мыйзам долбоору депутат Тазабек Икрамов тарабынан демилгеленүүдө. Демилгечи депутаттын айтымында, мыйзам долбоор мамлекеттик кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугун камсыз кылуу, мамлекеттик кызматтарда коррупцияга жол бербөө аракети катары сунушталууда.

Сунушталган мыйзам долбоору кабыл алынса, «Коррупция» боюнча соттолгон жарандардын парламенттик шайлоого катышуусуна тыюу салынат. Алардын жакын туугандары да шайлоодо өз талапкерлигин коё алышпайт.

Кыргызстанда жетинчи чакырылыштагы парламентке шайлоо быйыл 4-октябрда өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM