Connect with us

Абитуриенттердин кыргыз тили билимине артыкчылык берилет

Билим-маданият | 14 Янв 2019 | 1493 | 0

Быйыл Жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алууда кыргыз тили билими эске алынат. Ал үчүн 11-класстын бүтүрүүчүлөрү «Кыргызтесттин» сайтына кирип катталат. Тесттин сертификатына ээ болгондорго жогорку окуу жайына бюджеттик орундарга кабыл алууда артыкчылык берилет. Бул 2019-жылы ыктыярдуу түрдө болсо,  кийинки жылдан баштап талап кылына баштайт. 

Эми абитуриенттин колунда кыргыз тилин билүү деңгээли боюнча мамлекеттик сетрификаты болсо, жогорку окуу жайга кабыл алууда артыкчылыктуу укук берилет. Маселен, бир орунга талапкер болуп жаткан эки абитуриенттин тең жалпы республикалык тестирлөөдөн  алган упайы бирдей болуп, алардын кимисинде “Кыргызстест” системасын эске алган мамлекеттик серитификат болсо, ошонусун кабыл алышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун жетекчиси  Гүлнара Ибраимова билдирди.

Маалыматка ылайык, быйыл мамлекеттик тилди билүү деңгээлин текшерүү үчүн тесттен өтүү бүтүрүүчүлөрдүн эркине коюлат. Сертификат алуу үчүн кыргыз тилдүү мектептин окуучулары В1, ал эми орус же дагы башка тилде окугандар А2 деңгээлинен кем эмес билимин көрсөтүшү шарт.

Министрлик жалпы республикалык тестирлөөгө 2020-жылдан баштап киришет. 2019-жылга чейин Жалпы республикалык тестирлөө менен келишим түзүлүп калган. Ошондуктан быйыл абитуриенттерге жогорудагыдай мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Быйылкы бүтүүчүлөргө милдеттүү түрдө эмес, каалоочулар гана «Кыргызтесттен» өтүп, тилди билүү деңгээлин аныктаган сертификат алса болот. Бул кийинки жылга ЖРТга даярдык болуп эсептелет. 2020-жылдан милдетүү түрдө киргенде кокустан болуп калгандай болбошу керек. Бул өтө өзөктүү жана кылдат маселе. Буга акырындан баруу керек. Быйыл кандайдыр бир деңгээлде мамлекеттик тилдин абалы аныкталышы керек.

Себеби улуттук программанын алкагында жогорку окуу жайларында биринчи курстарга төрт сабак боюнча комплекстүү тестирлөө киргизилген. Алар кыргыз тили, кыргыз адабияты, Кыргызстан тарыхы жана географиясы. Ал эми экинчи курстта мамлеттик тил боюнча сынак тапшырышат. Министрлик буга абитуриенттер моралдык жактан даяр болуусу керек деп эсептейт.

Эми абитуриенттер 1 -марттан баштап «Кыргызтест» системасынын сайтына кирип, болжолдуу түрдө тестирлөөдөн өтүп, даярдана баштаса болот. Бүгүнкү күндө өлкө аймагындагы мектептер жаңы эреже менен кабардар болуп, даярданышууда.

Ош облусундагы №6 орто мектептин 11-классынын окуучусу Акмаржан Кайратова кошумча кыргыз тилден сынак тапшыруу тууралуу маалыматты уккан. Ал кыргыз тилин сүйүп окугандыктан тест тапшырууну оорчулук көрбөйт.

-Азыр ЖРТга даярданып жатам. Келечекте журналист болом. Жакында эле бүтүрүүчүлөргө кыргыз тилинен башка өзүндө сынак тапшырат дегенди угуп калдым. Бирок мектептерде окуучуларга түшүндүрүп айтыша элек. Эгерде ыктыярдуу түрдө болсо деле тапшырам. Кыргыз тилин билүү деңгээлимди дагы аныктап алам. Эне тили менин болочоктогу кесибим үчүн абдан керек.

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык фондунун аткаруучу директору Догдуркүл Кендирбаева бул демилгени колдоп, мурун эле ишке кириши керек эле деген ойдо.

-Кыргыз Республикасында билим берүү мекемелери, айрыкча мамлекеттик жетекчилердин кыргыз тилинен тест берүү талабы коюлду. Абитуриенттерге кыргыз тилинен тест тапшырууну  трагедия катары кабыл албоо керек. Тескерисинче буга баары даярдана баштайт. Сынакты онлайн берсе өзүнүн жеке баалоо субъектисин жокко чыгарат. Көпчүлүк учурда биз деле мектепте мугалим болуп иштеп жүргөндө баланын көзүнө карап, аны кыя албай баалап койгон учурлар болгон. Эми бул жерде эки нерсе далилденет. Мектептин кубаты, берилип жаткан билимдин абалы жана баланын тил боюнча жетишкендиги аныкталат.

Деген менен бүтүрүүчүлөргө кошумча кыргыз тилден сынак тапшыруунун кажети жок дегендер да бар. Мурунку билим берүү жана илим министри Каныбек Осмоналиев «Кыргызтестти» киргизүүнү популисттик кадам деп баалады.

Анын баамында, министрлик алгач конституциядагы «кыргыз тили жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүү киргизип, анан демилгени ишке ашырса болот.

-Баш мыйзамды өзгөртүү оңой эмес. Дагы деле билим берүү министрлигинин чоңдору жөн эле элди дүрбөтүп жатат. Бул жаңжалга алып келет. Тажик, өзбек жана орус мектептерин бүткөн балдар кыргыз тилин бүткөндөр менен бирге тест тапшыра албайт. Алар үчүн өзүнчө тест каралса да, аны ким иштеп чыгат? Мунун баары абсурд. Министр Кудайбердиева кылаарга иши жок, виртуалдык демилге менен эле алек болуп жатат.

Кыргыз тили Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) тапшырууда милдеттүү предмет болуп калышы ыктымал. Бул көбүнесе орус тилдүү мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө тийиштүү болуп калат. Анткени кыргыз тилдүү мектептердин бүтүрүүчүлөрү ансыз да кыргыз тилинде тест тапшырышат.

 

Copyright © 2017 Maral FM