Биз менен байланышыңыз

50дөй абитуриентти чет өлкөгө окутуу пландалууда

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Дек 2020 | 590 | 0

«Global Education Foundation» долбоорунун алкагында жаңы окуу жылында 50дөй абитуриентти чет өлкөгө окутуу пландалууда. Бул тууралуу аталган долбоордун негиздөөчүсү Хабиб Арзыкулов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда окуу үчүн керектүү каржы табуу аракеттери жүрүп жатат. Ага ылайык, жай айларында канча абитуриент билим алары аныкталат.

Демөөрчү болууну самаган жарандар бар. Мындан сырткары, чет өлкөлүк ЖОЖдор менен контракттарды жеңилдетүү, бюджеттик орундарды алуу маселелери сүйлөшүлөт.

«Мен да чет өлкөдө окуп келдим, алган тажрыйбабызды бөлүшөлү дедим. «Мен мамлекет үчүн эмне кылдым?» деген ойдун тегерегинде ушул долбоорду ишке ашырууну туура көрдүк. Ар ким өзүнүн мүмкүнчүлүгүн коом менен бөлүшсө, биз өнүгүүгө багыт алабыз», — дейт Арзыкулов.

Ал белгилегендей, адамдар өзүн өзгөтмөйүнчө, өлкө өзгөрбөйт. Долбоор билим берүүгө салым кошуудан башка максатты көздөбөйт.

Copyright © 2017 Maral FM