Биз менен байланышыңыз

Арыстанбекова: Бир жыл бою тил үйрөнүп, өзүмө инвестиция кылдым

Билим-маданият , Блог | 21 Янв 2021 | 3106 | 0

Чет өлкөнүн жогорку окуу жайларына кантип тапшырса болот? Ага тапшыруу үчүн кандай аракеттерди жасоо керек? Чет тилдерин билүүнүн пайдасы эмнеде? Өнүккөн өлкөлөрдө билим алуунун зарылчылыгы жана артыкчылыгы канчалык? Биз бул темада Жылдыз Арыстанбекова менен маектештик. Ал учурда Венгриянын борбору Будапешттеги Матвей Корвин атындагы университеттин студенти.

— Саламатсызбы, Жылдыз? Алгач, сиз окуп жаткан окуу жай жөнүндө маалымат бере кетсеңиз. Матвей Корвин атындагы университет тууралуу кайсыл жактан билдиңиз? Ага кандай тапшырдыңыз?

— Корвин университетинде «Stipendium Hungaricum Scholarship Program» деген стипендиялык программа бар экенин укканбыз. Жаңылбасам, Кыргызстанда өткөрүлүп жатканына 4 жылдай болуп калды. 2018-жылы тапшырып, сынактан өттүм. Программага 18 жашка толгон бардык каалоочулар бакалавр, магистратура, PhD билим берүү баскычы боюнча катыша алат.

Сынактын талаптарына ылайык, биринчи кезекте кезекте англис тилин билүү керек. Ансыз тапшыруу мүмкүн эмес. Андан соң, документтерди тапшыруу керек. Мисалы, аттестат, магистратурага тапшыруучулар үчүн бакалаврдын диплому, TOEFL же IELTS экзамендеринин жыйынтыгы, медициналык справка, сунуштама кат, үй-бүлө мүчөлөрү жөнүндө маалымат керек болот. Коомдук активдүүлүк да бааланат.

— Биринчи кезекте англис тилин өздөштүрүү зарыл деп айттыңыз. Сиздин тил үйрөнүү ыкмаңыз кандай? 

— Көпчүлүгү мага: «2-3 айда кантип үйрөнүп, натыйжа көрсөтсө болот?» — деп жазышат. Аны үйрөнүү үчүн көп убакыт сарптоо керек. Негизи, англис тилин үйрөнүп чыгууга 5 жыл керектелет деп айтышат. А мен тездетилген режимде окуп, 6 айда англис тилинин 6 деңгээлин тең өздөштүрүп чыктым. Ал үчүн күнүнө 2 сааттык курстар менен чектелбей, өз алдынча да көп окудум. Эртең мененки саат 6дан кечки 7-8ге чейин окуйт элем. Негизи тилдин бир деңгээли 2 айда окутулат. Эгер каалагандар болсо, аны бат-баттан окуп бүтүрсө болот. Биздин билим берүү системабызда англис тили дегенде грамматика эле окутулуп, угуп түшүнүү, жазуу жөндөмү дегендер калып калат. Бул эки жөндөм маанилүү. Грамматиканы үйрөнгөндөн кийин угуу, жазуу, сүйлөө дегендерди практика жүзүндө өздөштүрдүм.

— Ал эми чет өлкөдө билим алуунун зарылчылыгы жана артыкчылыгы эмнеде?

— Эгер максаты Кыргызстандын деңгээлинде гана иштерди жасап, орун-очок алып калуу болсо, аларга четке чыгып окуунун деле кажети жок. Бирок адам өзүнө канааттанбай, башка жактарды көрүп, дагы өскүсү келсе, чет өлкөдөн окуп же стажировкадан өтүп келүүсү керек. Анткени Кыргызстандын ичинде гана жүрө бергенде, ага атаандаштык аз, баарыбыздын ойлонуубуз окшош. Ал эми атаандаштык болбогон жерде өнүгүү жок. Мисалы, мен окуган тайпада 25 студент болсо, анын 18и башка өлкөлөрдөн келген. Демек, эл аралык атаандаштык жогору десек болот. Сабак учурунда алардын ойлонуусу, маселеге карата берген жооптору ар түрдүү. Ал жакка эң мыкты студенттер жыйылып келет. Сыртка чыгып, чоң атаандаштыкты көрүү адамды кадимкидей өнүктүрөт. Негизи көпчүлүгү окуу үчүн барышпайт. Көбүнчөсү маданият көрүүгө, өлкөсү дүйнөлүк аренада кайсы орунда турарын, өзүнүн деңгээлин билгени барышат. Бул — биздин кандай жетишпеген жактарыбыз бар экенин аңдоого, түшүнүүгө жакшы мүмкүнчүлүк.

— Демек, мындай адам мамлекетибизге татыктуу кадр болуп бере алат…

— Албетте, чет мамлекетте окуганы да маанилүү. Эл аралык атаандаштыкты көргөн адам бардык нерселерди анализдеп үйрөнөт. Ал эми өлкөдө окуп иштеп жаткан кадр өзүндөгү нерселер менен сыймыктанып, ошого ыраазы болуп кала берет. Качан алар сыртты көрүп, ири атаандаштыкка туш болсо, алдыга озуу жогору болот. Эл аралык сүйлөшүүлөрдү жакшы жүргүзөт. Бирок мындай деңгээлге жетүү адамдын өзүнөн да көз каранды. Эгер Европага окуу үчүн эле барса, бул — анын утулганы. Ал жакка барган соң, бардык мүмкүнчүлүктү туура пайдаланышың керек. Жер көрүп, элдин маданиятын таанып, алар менен баарлашып, жакшы идеяларды чогултуп келишиң керек. Дагы бир маанилүү маселе, биз татыктуу кадрларды жоготуп жатабыз. Кээ бир өлкөлөр стипендиялык программалар аркылуу эң жөндөмдүү, жыйынтык көргөзө ала турган жаштарды тандап алып кетишет. Алардын көпчүлүгү ошол жакта калып, билимин, энергиясын, идеясын ошол өлкө үчүн жумшап жатышат. Андай күчтүү кадрларды алып калууга, кайтарып келүүгө мамлекет кызыкдар болушу керек.

— Негизи, окуучулардын көпчүлүгү айыл жеринде турушат. Чынында аймактарда маалымат начар. Ар тараптан билимдерин өркүндөтүү, чет жактан билим алуу боюнча маалыматтар жетишсиз. Мисалы, тилдерди үйрөнүү үчүн да атайын курстар жок. Мындай шартта алар кантип биз айткан мүмкүнчүлүктөргө жетише алат?

— Жыл сайын 50 миңдей окуучу мектепти бүтсө, анын 80 пайызы айыл жеринен келет. Мен деле мектепти айылдан бүткөм. Чынында ал мезгилде багыт көрсөткөн адам аз болуп, жасай турган иштерди кечирээк баштаганбыз. Андыктан мындай окуучуларга мүмкүнчүлүк түзүп берүү максатында «Zhyldyz Academy» окуу борборун ачканбыз. Мен башка тармакта деле иштеп кете алам. Бирок мага күн сайын балдардан 500дөй кат келип түшөт. «Англис тилин кантип үйрөнсөм болот?», «Мен да сизге окшоп чет өлкөдө окугум келет», «Кайсы кесипти тандайын?», «Ата-энем кесип тандоомо каршы болуп жатат» деген сыяктуу түрдүү суроолор келет. Ушуларды көргөндөн кийин сөзсүз түрдө колдон келген жардамды беришибиз керек. Аларга кесип тандоо, жалпы республикалык тестирлөөгө даярдануу, тилдерди үйрөнүү багыттарында сабак берип келебиз. Балдардын көпчүлүгү аймактарда болгон сон, онлайн иш алып барып жатабыз. Академияда онлайн тил үйрөтүү курстарын түзгөнбүз. Анда Европада окуган кыргыз студенттери аймактардагы окуучуларга онлайн сабактарды беришет. Алар жеке эле сабак өтпөстөн, Европага кантип окууга өткөнү, ал жактагы окуунун жүрүшү тууралуу да айтып турушат. Бул да кошумча мотивация десек болот.

— Жаштар үчүн жалпы эле билим алуунун мааниси тууралуу айтсаңыз. Анткени көпчүлүк учурда үй-бүлөлөрдө балдарынын чет өлкөдө окуусуна каршы болуп, чектей берет. Айрыкча кыз балдардын окуусуна тийиштүү. Бул багытта ата-энелер эмнелерди эске алуусу зарыл?

— Ата-эне балдарына биринчи кезекте бактылуулук каалайт. Бирок, бактылуулук эмнеден келип чыгат, ошону толук ойлонушпайт. Бизде бактылуулуктун формуласы үй-бүлө куруп, балалуу-чакалуу болуу менен чектелип калган. Чынында бактылуулук адамдын экономикалык абалынан да көз каранды. Көпчүлүк ата-эне балдарын айрыкча, кыздарын чет мамлекетке окууга, стажировкаларга баруусун чектей берет. Ар кайсы жактан чектей берүү — балдардын интеллектуалдык жактан өнүкпөй, өз оюн эркин жеткире албай калуусуна алып барат.

Мисалы, кызынын билим деңгээли начар болсо, диплому, жетишкендиктери болбосо, жакшы жумушка орношуусу күмөн. Демек, ал бирөөгө көз каранды болуп жашайт.  Балдары каалап туруп, ата-энеси каршы чыкса, бул — алардын чоң кемчилиги. Ата-энелер да өзүлөрүн өнүктүрүүсү керек. Алар кыздарын окутуунун пайдасын аңдап түшүнгөндө, билим алуусуна өздөрү кызыкдар болушмак.  Мисал келтирейин, эл аралык экономикалык «Forbes» журналы дүйнөлүк мыкты бизнесмендердин катарына кыргызстандык Эркин Адыловду киргизди. Учурунда анын FLEX программасы менен окууга өтүүсү үчүн ата-энеси квартирасын сатууга чейин барган. Албетте, бул кылгандарынын үзүрү кайтып, азыр ал миллионер ишкерлердин катарында. Эгер ата-эне балдарын окуудан чектей берсе, өзүлөрүнө кыйын болот. Билим ала албаган бала көздөгөн ийгиликтерине жете албайт, үй-бүлөдөгү көптөгөн түшүнбөстүктөргө жол берет. Мунун алдын алып, балдарга инвестиция кылуу керек. Бизде ЖРТга 3 айлык даярдыктан өтүүгө 6 миң сом кетирет. Ошол нерсеге да ата-энелер инвестиция кылгылары келбейт. Кийин балдары начар баа алып өтпөй калганда, болгон байлыгын кетирип, контракттык негизде окутушат. Мен да университетти бүткөндөн кийин жумуштан баш тартып, бир жыл бою тил үйрөнүп, өзүмө инвестиция кылдым. Бүгүнкү күн менен жашабай, келечек үчүн убакытты туура бөлүштүрүп, келечек үчүн туура инвестиция жасоо керек.

Copyright © 2017 Maral FM