Биз менен байланышыңыз

Венгрия, Кытай, Индия: Кыргызстанга берилген гранттык орундарга тапшыруунун шарттары

Жаңы окуу жылына карата 3 мамлекет кыргызстандык жарандарга 94 гранттык орун бөлдү. Венгрия бөлгөн бюджеттик орундун отузу бакалавриат, отузу магистратура багытына каралган. Ошондой эле 15 орун докторантурага бөлүнгөн. Бул жеңилдиктерди кимдер пайдалана алат? Чет жактан билим алуу үчүн кандай талаптар коюлган?   


2020-2021 окуу жылына карата Кытай Эл Республикасы Кыргызстандын жарандарына 13 орунга стипендия берди. Бул бакалавриат, магистратура, докторантура жана кытай тил такшалмасы программаларына каралган. Документтер 30-декабрь кечки саат 17.00гө чейин Билим берүү жана илим министрлигине тапшырылууга тийиш. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат катчысы Акыл Орозматов төмөндөгүлөрдү билдирди:

— Кытай тил такшалмасы программасы боюнча компьютерлик тестирлөө гана болот. Бакалавриат боюнча биринчи этап – компьютерлик тестирлөө, экинчи этап — кытай, же англис тилинде эссе жазуу керек. Ал эми «Магистратура” жана “докторантура” программалары боюнча кытай же англис тилинде эссе жазылып, экинчи этап – интервью болот.

Талапкерлерден:

  • Арыз;
  • Анкета (Жүктөп алуу: Анкета_кырг.docx);
  • Англис жана орус тилдеринде резюме;
  • Паспорттун көчүрмөсү;
  • Англис тилине которулган жана нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн орто билим жөнүндө аттестаты же окууда жетишкендиги тууралуу көчүрмөсү;
  • Кытай тилин билүү деңгээлин тастыктаган (HSK) күбөлүгү (сөзсүз түрдө);
  • Англис тилин билүү деңгээлин тастыктаган (TOEFL, IELTS) күбөлүк (сөзсүз түрдө эмес);
  • Алты сүрөт — 3х4;
  • Кытай Эл Республикасына окууга тапшыргандар үчүн медициналык маалыматы жана ВИЧ СПИД жоктугу жөнүндө күбөлүгү (түп нускасы +1 көчүрмөсү);
  • Окуу жайы тарабынан эки сунуш кат (англис тилинде);
  • Үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалымат талап кылынат.

Ал арада Индиянын маданият мамилелер кеңеши да магистратура, аспирантура жана докторантура программалары боюнча билим алууга 6 стипендиялык орун бөлдү. Учурда аталган бюджеттик орундарга сынак жүрүп жатат.

Индиянын жогорку окуу жайларынын тизмеси, тандоо критерийлери жана билдирмени толтуруу боюнча түшүндүрмөнү Индиянын маданият мамилелер кеңешинин сайтынан караса болот.

Талапкерлер керектүү сертификат менен документтерди онлайн билдирме түрүндө толтурууга тийиш. Ошондой эле, арыз, билдирме жана башка тиешелүү документтердин көчүрмөлөрү 2020-жылдын 15-январына чейин Индиянын Кыргызстандагы элчилигине жеткирилүүгө тийиш. Дареги: Бишкек шаары, Махатма Ганди көчөсү 100-А. Байланыш номерлери: 0312 97 92 56.

Билим берүү министринин кеңешчиси Нурсултан Кубанов бюджеттик орундар бөлүнгөнү менен чет мамлекеттен окуп келген жарандарга колдоо көрсөтүү боюнча механизм жок болгондуктан, алардын потенциалы пайдаланылбай жатканына кейиди. Ошол эле учурда жаштарда кызыгуу жок болгондуктан бөлүнгөн айрым квоталар каларын, мындан улам технологиялары өнүккөн мамлекеттер менен гранттык орундарды ачуу боюнча келишим түзүү керектигин белгиледи:

 — Алсак, Орусия жүздөп квота берет. Бирок Орусияга кете турган жаштардын саны анчалык көп эмес. Индияга деле көп жаштар барууну каалабайт. Мындан улам, башка өлкөлөр менен мамлекеттик деңгээлде сүйлөшүп, квоталарды көбөйтсөк жакшы болмок. Президентибизден суранмакчымын, чет жактарга визиттерге барганда бюджеттик квоталар боюнча да маселе көтөрсө жакшы болмок. Буга башка мамлекеттер жок дебейт. Жаңы инновация жаратып жаткан өлкөлөрдөн көбүрөөк орун алсак жакшы болмок. Бул багытта Азия мамлекеттерине, өзгөчө Японияга көбүрөөк басым жасоо керек.  

Мындан сырткары, Венгрия да Кыргызстандын жарандарына 75 бюджеттик орун бөлдү. Азыркы тапта сынак жүрүп жатат. Талапкерлер 2020-жылдын 15-январына чейин каттоодон өтүп, документтерди жүктөшү керек. Ал эми документтердин түп нускасын 2020-жылдын 1-февралына чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигине тапшырышы зарыл.

Гранттар Венгрия өкмөтүнүн Stipendium Hungaricum Scholarship Program программасы аркылуу бөлүнүп жатат. Программаны башкарууну Темпус коомдук фонду жүргүзөт.

Кыргызстандын жарандары төмөнкү багыт боюнча акысыз билим ала алышат:

  • Бакалавриат: айыл чарба, социалдык, экономикалык, техникалык жана табигый илимдер, информациялык технологиялар, спорт жана мамлекеттик саясат.
  • Магистратура: айыл чарба, социалдык, экономикалык, техникалык жана табигый илимдер, информациялык технологиялар, спорт жана мамлекеттик саясат.
  • Докторантура программасына тапшыруучулар: бардык багыт боюнча.

Талап кылынган документтер:

  • Арыз;
  • Талапкердин анкетасы;
  • Резюме;
  • Паспорттун көчүрмөсү;
  • Окуу жайы тарабынан тастыкталган окуу жетишкендиктери жөнүндөгү көчүрмөсү (транскрипт);
  • Англис тилин билүү деңгээли жөнүндөгү тастыктама (TOEFL, IELTS);
  • Үй-бүлөнүн курамы жөнүндөгү маалымкат;
  • Тастыктамалар, дипломдор, ардак грамоталар, макалалар жана илимий басылмалар (магистратура жана докторантура программаларынын талапкерлери үчүн), жана башка жетишкендиктери жөнүндөгү документтер.

Венгр тарап бакалавриат жана магистратура программаларынын студенттери үчүн 10 миң 064 сом, докторантура багытында 34 миң 824 сом айлык стипендия төлөп берет. Мындан сырткары, жатакана же жеке турак жайды ижарага алууга көмөктөшөт. Медициналык камсыздандыруу да каралган.

Акыл Орозматов белгилегендей, конкурсанттарды тандоо 3 этапта өтөт:

— 2020-жылдын январь айынын экинчи жарымында Темпус Коомдук фонду келип түшкөн өтүнмөлөрдү техникалык текшерүүдөн өткөрөт. Текшерүүдөн өткөн талапкерлердин тизмесин КРнын ББИМине жөнөтөт. Онлайн-системада катталган, бирок КРнын ББИМине документтерин тапшырбаган талапкерлер конкурстук тандоого катыша албайт.

Ал эми «Advance Academy» консалтинг тобунун жетекчиси Алмаз Арапов Кыргызстан чет өлкөдөн келген бюджеттик орундарды жемиштүү пайдалана албай жатканын айтат:

— Берилген нерсени да туура пайдалана албай жатабыз, акыры чырга айланып кетүүдө. Себеби тааныш-билиш болуп, көптөгөн жакшы окуган балдар кетпей калууда. Бөлүнгөн квоталарды туура колдонуу үчүн бюджеттик орун берген мамлекеттин тийиштүү адистери өздөрү тандашы керек же болбосо КРде көз карандысыз комиссия түзүү кажет. Ага гранттык орун бөлгөн өлкөнүн өкүлдөрү, билим берүү менен алектенген жеке жактардын жетекчилери да катышуусу абзел. Ошондо талапкерлердин татыктуусу тандалат. Алар жакшы жыйынтык көрсөтсө, бизге дагы да көп орун беришет.  

Белгилей кетсек, Кыргызстан сунуштаган талапкерлерди Венгриянын университеттери тандайт. Талапкерлерге стипендияларды берүү жөнүндө акыркы чечимди Темпус Коомдук фонду кабыл алат.

Copyright © 2017 Maral FM