Биз менен байланышыңыз

Ишкерлердин эсине…

Кыска кабар , Экономика | 22 Апр 2020 | 1913 | 0

Дүйнөлүк ири экономикалык уюмдардын божомолуна караганда CoviD-19 илдетине  байланыштуу алдыда чоң кризис болушу күтүлүүдө. Мындан улам JİA ишкерлер арасында учурдагы абал тууралуу онлайн-талкуу уюштуруп, ага өлкө боюнча 120 ишкер катышып, маалымат алмашышты.

Экономика, каржы жана инвестиция тармагындагы эксперт Умбриэль Темиралиевден ишкерлерге кеңеш:

  1. Кол астыңыздагы мыкты адистерди кармап калыңыз. Тилекке каршы, биздин өлкөдө кесипкөй адистер жетишсиз;
  2. Адамзат канчалык үйгө камалса да, тамак-ашка болгон талап баары бир биринчи орунда турат. Демек, кыргыз ишкерлери тамак-аш тармагына басым жасап, кошуна жана алыскы өлкөлөргө экспорттоо багытында иш алып баруусу зарыл;
  3. Кризистен кийин сөзсүз түрдө өсүү болот. Демек, кайсыл тармакка инвестиция кыларыңызды ойлонуп, рыноктун чоң бөлүгүн ээлеп калууга даярданыңыз.
  4. Орусиядан акча которуулардын азаюусу рубль курсунун түшүп, АКШ долларынын көтөрүлүүсүнө шарт түзөт. Б.а., жыл аягына чейин доллардын курсунун өсүшү ыктымал.
  5. Алдыда күтүлүп жаткан кризис курулуш тармагына терс таасир этиши мүмкүн. Жеке көз карашымда, мунун алдын алуунун маанилүү жолдорунун бири – мамлекет тарабынан берилип жаткан ипотекалык насыяны туура пайдаланыш керек. Мамлекет элге кызмат кылган чоң компания катары жалпы элдин үй сатып алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүсү зарыл. Анткени курулуш тармагынын артынан көптөгөн кошумча, алсак, курулуш материалдарын өндүрүү, тамак-аш, дизайнерлик кызматтар ж.б.у.с. бизнестердин иши жүрүшөт. Натыйжада бизнес жанданып, жумушсуздуктун алдын алууга өбөлгө болот.
  6. Туризм тармагынын келечеги жөнүндө айтуу кыйын. Анткени авиакомпаниялар качан эл аралык каттамдарды баштары белгисиз. Учактар уча баштагандан кийин да туристтерди ойго салган ден соолук коопсуздугу жакынкы арада жоюлушу оор. Коронавирус таркагандан кийин араб өлкөлөрү жана коңшу Кытайдан турист тартууну колго алса жакшы болот.
  7. Билим берүү тармагында болсо, программа үйрөтүү багытына басым жасаган натыйжалуу. Анткени учурда коронавируска байланыштуу дүйнөдө онлайн иштөөнү текшерүү боюнча массалык тестирлөө кампаниясы башталды. Эгерде бул тест ийгиликтүү болсо, анда Google, Microsoft сыяктуу ири компанияларда программисттерге болгон талап өсөт.
  8. Адамдын табигый муктаждыгы 3 тепкичтен турат: алгач курсакты тойгузат, андан кийин кийим сатып алуу жана үйгө салым кылат. Демек, эгер кризис көпкө улана турган болсо, мына ушул 3 муктаждыкка жараша талап болгон бизнестерге көңүл буруу керек.
  9. Кризисте насыя алуу – туура эмес чечим. Насыя өсүү учурунда алынат.
  • “Китеп окуйлу. Бизнес тармагыбызга жараша зарыл китептерди окуп, билим сабатыбызды арттыралы. Ар бир ишкер өз тармагында 5 китеп тандап, карантин учурунда окуп чыкса, окуп гана тим болбой, конспект кылса, менимче кризистен чыгууда өтө пайдасы тиет деген ишеничтемин.”

Булак: JİA

Copyright © 2017 Maral FM