Биз менен байланышыңыз

Нуракун уулу саясатчыларды сүйлөтүүнүн «сырын» айтып берди

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Янв 2021 | 1107 | 0

Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын мурунку башчысы Ибраим Нуракун уулу «Маралга» берген маегинде саясатчыларды сүйлөтүү боюнча журналисттерге кеңешин берди.

Анын айтымында, жабык, сүйлөбөгөн кишилердин идеясы, бышып жетилген багыты болот. Журналист аларды көз жаздымда калтырбай, сүйлөтүшү зарыл.

«Журналист маекти дароо конфликттен баштабашы керек. Дароо эле «Саламатсызбы?.. Баланча компаниядан чалдым, атым мындай…», — деп баштабай, ага чейин эле байланыш түзүп, жакшы мамиледе болуп келсең, саясатчылар ишенип, ачылып берет. Оор учурда саясатчы жабылып алат да, бир да журналист, саясатчыга ишенбей калтырап, «оорукчан» абалга туш болот. Мындай абалда журналист алгач саясатчынын ишенимине кирип, андан соң ачып берсе, жакшы болот», — дейт Нуракун уулу.

Copyright © 2017 Maral FM