Биз менен байланышыңыз

Каныбек Иманалиев: Соцтармактагы кыргыз тили — өтө орой, анан келегей

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Ноя 2020 | 706 | 0

Журналисттерди оппозициячыл, оппозициячыл эмес деп бөлбөө керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты, саясатчы Каныбек Иманалиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, оппозиция болгон жерде атаандаштык жаралат. Бирок журналистиканын тили агрессивдүү болуп кетти. Учурда социалдык тармактардагы кыргыз тили — өтө орой, ачуу, анан келегей… Бул — тилге карата чоң сокку.

«Бирөөлөрдү жамандап жүрүп оңолуп кеткен журналистти көргөн жокмун. Биз Манас атанын, Чыңгыз Айтматовдун тилин ушактын тилине айлантып койдук. Журналисттерден нукура кыргызча жазган, үлгүлүү 3-4 гана адамды билем. Улут үчүн күрөшкөнүбүз кайсы? Учурда адамдын кадыры арзандап кетти. Мындай жерде олуттуу жетишкендиктерге умтулуу өтө кыйын. Биз майдаланып кеттик», — деди Иманалиев.

Copyright © 2017 Maral FM