Биз менен байланышыңыз

Мусаев: Кыргыз тилин өнүктүрүүгө акча бөлүндү, бирок тапшырмалар аткарылбай жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Фев 2022 | 622 | 0

Концепциянын негизинде кыргыз тилин өнүктүрүүгө, барктоого, урматтоого өзгөчө көңүл бурулат. Бул тууралуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Сыртбай Мусаев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Азыркы тапта эң башкы максат жаш балдар үчүн кыргыздын менталитетине, үрп-адатына, салтына, психологиясына туура келген мультфильмдерди тартуу болуп турат. Мусаевдин айтымында, акча жетиштүү бөлүндү, бирок бул ишти жасай тургандар жокко эсе болууда.

«Биз 2021-жылы мультфильмдерди тарта турган ЭЛТР, КТРК, «Кыргызфильм» студияларына тарбиялуу анимациялык фильмдерди тартсын деген тапшырма бердик. Акчаны мамлекет берди, бирок тапшырманы аткарбай жатышат», — деди Мусаев.

Төрага буларды айтуу менен катар Кыргызстанды улуттук мамлекет катары сактап калуу бир гана тил аркылуу болорун кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM