Биз менен байланышыңыз

Кыргыз тили Кыргызстанда «квартирант» сыяктуу эле «жашайт»

Коом , Саясат | 23 Сен 2020 | 1172 | 0

Бүгүн, 2020-жылдын 23-сентябрында кыргыз тилине мамлекеттик статус берилгенине 31 жыл толду. Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик тил күнү менен кыргызстандыктарды куттуктап, кыргыз тили — мыйзам чыгаруунун жана мамлекеттик башкаруунун тилине айланганын айтты. Бирок чыныгы жашоодо кыргыз тили орус тилине караганда алсыз болуп, орус тили үстөмдүгүн бербей жатканы байкалып келет. Канткенде кыргыз тили толук пайдаланууга кирет? Эне тилибизди кантип илимдин, жаңы технологиялардын тилине айландырабыз?

Кыргызстанда мамлекеттик тилдин абалы кандай?

Бардык мекемелерде иш кагаздары кыргызча жазылсын деп айтылганы менен эң жөнөкөй маалымкаттан баштап, мыйзамдарга чейин орусча жазылып, андан соң кыргызчага түз которулат.

Көпчүлүк учурда бир эле документтин кыргызчасы менен орусчасында эки түрдүү маани катылып, каршы пикирлерди жаратат.

Мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө түздөн-түз жоопкерчиликтүү болгон Өкмөт Аппаратынын өзү шашылыш болгон маалыматтарды ар дайым биринчи орус тилинде, андан соң кыргыз тилинде жарыялайт.

Өкмөттүн алдындагы министрликтердин расмий сайттарын карай турган болсок, орус тилине өзгөчө басым жасалып, кыргыз тилиндеги маалыматтар 3-4 күндөн кийин которулуп чыгат. Арасында бир-эки министрликтин сайты гана кыргыз тили менен орус тилине бирдей мамиле жасайт.

Ошол эле учурда аткаминерлер да кыргыз тилин 23-сентябрга жакын гана эстешип, «эне тилим эле, эне тилим…» деп чыга калат. Тил күнүнө карата анча-мынча макалалар которулуп, кыргыз тилинде китептер басылып чыгып, аткаминерлердин катышуусунда «бир күндүк» шаан-шөкөт уюштурулуп, бирок арадан эки-үч күн өтпөй эле унутулат.

Мындан сырткары, жалпы элдин билим деңгээлинин көтөрүлүшүнө түздөн-түз тиешелүү болгон билим берүү тармагында дипломдук иштер жана илимий диссертациялар көпчүлүк учурда орус тилинде жакталып келет.

Кыргыз тили — мыйзам чыгаруунун жана мамлекеттик башкаруунун тилине айландыбы?

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз тили — мыйзам чыгаруунун жана мамлекеттик башкаруунун тилине айланганын айтты. Мындай ойго «Кыргыз тили оңой» долбоорунун автору Нурболот Азамат кошулбайт. Ал кыргыз тили турмуш-тиричиликке гана керек болгон сөздөр менен, көчөдө жүргөндө, достор арасында диалогдорду тейлей турган гана тилге айланып калгандыгын айтат. Кыргыз тили белгилүү бир тармактардын тилине айланса жакшы болмок.

«Азыр кыргыз тили саясаттын тили боло элек. Ошол эле учурда кыргыз тили билимдин да тили боло элек. Профессорлордун сүйлөгөнүн уга турган болсок, академиялык кыргыз тилди уга албайбыз. Ушул сыяктуу мүчүлүштүктөр бар, алардын үстүнөн иштеш керек» , -деди Нурболот Азамат.

Ал эми, мыйзам чыгаруу органы болгон парламентте мыйзамдардын 90 пайызы расмий тилде жазыла тургандыгын Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков билдирди.

Анын айтымында, кыргыз тили мамлекеттик тил деген макам алганы менен мааниси жактан аны албай келет.

«Мамлекеттик макамы бар кыргыз тили бүгүнкү күндө, бүгүнкү бийлик учурунда деле «квартирант» сыяктуу эле жүрөт. Дегеним мамлекеттик тилдин өсүп өнүгүүсү мамлекеттин башчысынын мамилесинен көз каранды болот. Азыр мыйзамды өкмөт жазат, Жогорку Кеңеш үч окууда карап, иликтеп-жиликтейт. Тилекке каршы, Жогорку Кеңешке келген мыйзамдардын 90 пайызы расмий тилде келип, анан кыргыз тилине которулат. Бул өзү эле кыргыз тилинин Кыргызстанда кыйналып жашап жатканынан кабар берет«, -деди Момбеков.

Мындан сырткары ал президенттин мамлекеттик тилге келгенде жалпак саясат жүргүзүп жаткандыгын сындады. Президент мамлекеттик тилдин өсүп-өнүгүшүнө түздөн-түз кийлигиши керектигин, башкаларга үлгү болушу зарылдыгын кошумчалады.

Канткенде кыргыз тилин технологиялардын жана интернеттин тили кыла алабыз?

Мамлекет башчы тил күнүнө арналган куттуктоосунда билдиргендей, санариптештирүү доорунда эне тилди да өнүктүрүп, аны илимдин, жаңы технологиялардын тилине айлантуу милдети турат.

Мамлекеттик тил технологиянын тили болбосо, алдыда өсүп келе жаткан муунду кыргызча сүйлөтүү кыйын боло турганын тилчи Зарыл Алымбаева билдирди.

Анын пикиринде, технологиянын тили мамлекеттик тилде болушу керек.

«Технология тармагындагы терминдерди тактап, сөздүктөрдү чыгарып беришибиз керек. Мына ошондо гана жаш муун технологияны колдонуу менен тилди үйрөнөт. Биринчи кезекте тилди окутуунун методикасын оңдош керек. Бизде биринчи класстан баштап кыргыз тили окутулат, бирок теориялык планда гана окутула берет. Мына ошол тилди практикалык планда окуткан кезде тилди сабаттуу колдонууга үйрөтө алат элек» , — деди Алымбаева.

Тилчилер кыргыз тилин өстүрүүгө эч кандай зарылчылык жок экендигин, ал өзү көркөм сөздөргө бай тил экендигин айтышат. Мамлекеттик тилдин жогорку деңгээлде колдонулбаганынын бирден бир себеби — расмий тилдин болушунда.

1989-жылы 23-сентябрында Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын кабыл алып, андан соң кыргыз тилине мамлекеттик тил макамын берген.

Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган.

Copyright © 2017 Maral FM