Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 23 Сен 2021 | 477 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-сентябрда, кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысы өз куттуктоосунда кыргыз тили Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башкы белгилеринин бири, кыргыз улутун улут кылып турган эң негизги касиети болуп санала тургандыгын белгилеген.

«Тил саясаты мамлекеттик саясаттын ажырагыс, эң маанилүү бөлүгү болушу шарт. Ушул өңүттөн алып караганда мамлекеттик тилибиздин чыныгы мамлекеттик мартабасына ээ болуусуна ар бирибиз салым кошуп, сапарлаш болуубуз зарыл. Эгемен Кыргызстандын башкы байлыгы болгон кыргыз тили кылымдарды карыткан улуу тил. Ааламда теңдеши жок, океандай чалкыган «Манас» дастанын жараткан тил», — деп айтылат куттуктоосунда.

Президент Мамлекеттик тилде иш жүргүзүүгө каалоо гана керек экендигин белгилеп, азыркы учурда эне тил маселесине олуттуу мамиле жасап, документтердин баарын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүнө көңүл бурулуп баштаганын айткан.

Мындан сырткары Садыр Жапаров Мамлекеттик тилди колдонууга жана өнүктүрүүгө жалпы журттун, өзгөчө жетекчи-аткаминерлердин жана мамлекет башчыларынын тынымсыз камкордугу зарыл экендигин кошумчалаган.

Copyright © 2017 Maral FM