Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзбөгөндөргө айыппул салуу сунушталды

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Апр 2020 | 1576 | 0

Өзбекстандын Юстиция министрлиги мамлекеттик органдардын жана уюмдардын ишинде мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдардын талаптарын аткарбагандыгы үчүн айыппул салууну сунуштоодо. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Өзбекстандын Юстиция министрлиги “Өзбекстандын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 42-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун иштеп чыкты.

Административдик документтердин долбоорлорун талкуулоо порталына 25-апрелде жарыяланган долбоордо, мамлекеттик иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзбөгөн кызмат адамдарын жоопко тартуу каралган. Мыйзам долбоору 10-майга чейин талкууланат.

«Мамлекеттик органдардын жана уюмдардын ишинде мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдардын талаптары аткарылбаса, кызмат адамдарына эмгек акынын 2-5 эселенген өлчөмүндө айып салынат«, — деп айтылат мыйзамда.

Конституциянын 4-беренесинде Өзбекстанда расмий тил өзбек тили деп жазылат. Мамлекеттик тил жөнүндө Мыйзамдын 9-бөлүмүндө «мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарында иш мамлекеттик тилде жүргүзүлөт жана зарылчылык келип чыкса, башка тилдер да которулат» деп жазылган.

Бирок, мыйзамда жогоруда аталгандарды аткарбагандар үчүн жоопкерчилик каралган эмес.

Эгерде Юстиция министрлиги тарабынан иштелип чыккан мыйзам долбоору жактырылып, күчүнө кирсе, анда расмий иш кагаздарын жүргүзүү процессинде мамлекеттик тилди колдонбогондугу боюнча айып салууга негиз болот.

Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы эксперттер Украина, Латвия, Литва жана Тажикстан сыяктуу өлкөлөрдүн тажрыйбаларын иликтөөгө алышкандыгын белгилешкен.

Copyright © 2017 Maral FM