Биз менен байланышыңыз

Парламент эки депутатты камактан «куткарды»

Саясат | 8 Дек 2021 | 1332 | 0

Парламент Жээнбеков менен Зулпукаровду жоопко тартууга уруксат берген жок. Ал эми депутат Бакытбек Жетигеновдун жактоочулары комиссиянын отурумуна келбей калганына байланыштуу маселесин кароо эртеңкиге калтырылды. Жыйында депутаттар жалпы эле саясий куугунтук, саясатчыларга жасалып жаткан кысымдар боюнча сөз кылышты. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Бүгүн, 8-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Бакытбек Жетигеновду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү же баш тартуу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусу каралды. Аны депутат Канатбек Исаев тааныштырып, комиссия аталган депутаттарды жоопко тартууда мыйзам бузулган деп эсептей турганын билдирди.

«Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө» мыйзамдын 24-беренесине ылайык, депутат элдин жана мамлекеттин коргоосу алдында турат. Ал айтылган ой-пикири жана добуш берүү жыйынтыктары үчүн жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн эмес;

-Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков Конституциянын 78-беренесин бузуу менен кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылган жана камакка алынган;

-Кылмыш-жазык процессуалдык кодексинин жаңы редакциясы күчүнө киргендигине байланыштуу ал тергөө абагынан токтоосуз бошотулууга тийиш».

Ал эми депутат Бакытбек Жетигеновдун жактоочулары комиссиянын отурумуна келбей калганына байланыштуу маселесин кароо кийинкиге калтырылган. Бирок комиссия үч депутаттын тең камалышы мыйзамсыз экенин билдирди.

Талкуунун жыйынтыгында комиссия Жогорку Кеңешке Башкы прокурордун аталган депутаттарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүдөн баш тартышын талап кылды. Сунушту 102 депутаттын 94ү колдоду.

Депутат Жанар Акаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди да үй камагына чыгарууну сунуштады. Анын айтымында, өнүгүү жолуна түшүү үчүн саясий өч алууну токтотуу керек.

«Шайлоо өттү, Башмыйзам өзгөрдү, кичине бир гумандуу саясатка өтсөк болот эле. «Бирөө-бирөө менен телефон аркылуу сүйлөшүптүр, ушак айтыптыр» деп эле камай берсек, анда Кыргызстанда саясатчы калбайт. Биз эмне бекинип сүйлөшүп кала турган заманга келебизби? Ошондуктан, урматтуу күч органдары, туруктуу саясат уланышы үчүн адилеттүү карагыла. Саясатчылар Жеңиш Молдокматов, Курсан Асанов ак жеринен жөн эле отурушат. Саясий өч алууларды артка калтырабыз десек, экс-президент Атамбаевди да үй камагына чыгаруу керек. Үй камагынан деле ар кандай суроолорго жоопторду алса болот, эч жакка качып кетпейт».

Бир катар депутаттар үч депутаттын тең маселесин бирге кароо керектигин белгилешти. Комиссия эгер керектүү материалдар даяр болсо, түшкү тамактануу маалында жагдайды карай турган болгон. Бирок түшкү тыныгуу учурунда да Жетигенов боюнча документтерди ала келишпегенин, ага убакыт сураганын комиссиянын төрагасы депутат Канатбек Исаев билдирди.

«Тергөөчүлөр: «Жетигенов боюнча документтерди ала келген эмеспиз», — дешип, бир саат сурашты. Мен жарым саат дедим. Бакытбек Жетигеновдун камалышына депутаттардын баары каршы экенин, ага байланыштуу дагы 15 баланын тагдыры чечилип жатканын Кожобек Рысбаев белгиледи. Азыр болсо жанагы эки депутат боюнча «Экөө сотто болуп жатат, күтүп тургула, биз келебиз», — деп айтышты. Комисиянын жыйынында: «Аудио жаздыруулар купуя сырга ээ, анын да өзүнүн процедурасы бар, жөн эле бизди кыйнабагыла», — дешти. Кыскасы, толук маалыматты алып келүүгө убада беришти».

Акыркы беш жылда 17 адам мамлекеттик бийликти басып алууга шектелип кармалып, баары кайра акталганын депутат Каныбек Иманалиев белгилеп, соттордун да, тергөөчүлөрдүн да жооперчилиги каралышы керектигин айтты.

«Бизде акыркы 5 жылда «бийликти басып алам» деген берене боюнча 17 адам соттолуп, 17си тең акталыптыр. Ошол соттогон судьялар кайда? Алар эмне үчүн жоопкерчиликке тартылбайт? Тергөөчүлөр кайда? Кылмыш кодекси боюнча туура эмес иш козгогону үчүн ошол тергөөчүлөр түрмөгө отурушу керек. Мамлекеттик төңкөрүш дүйнөдө эки эле негизде болот: Ички иштер министри президентти кетирип басып алат, же кадимки куралданган бандиттик топ басып алат. Бакытбек Жетигенов 15 адам менен айыл өкмөтүн басып ала алабы? Бул — жөн гана курулай жалаа». 

Буга чейин Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештен үч эл өкүлүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү сураган.

Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаров «Кумтөр» иши боюнча камалган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту баш коргоо чарасын карап, 2022-жылдын 30-январына чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Ошондой эле Бакытбек Жетигенов 2022-жылдын 26-январына чейин камакта калтырылган. Ал шайлоодон кийин өлкөдөгү коомдук-саясий абалды туруксуздаштыруу максатында бийликти күч менен басып алууну пландаштырган деп шектелүүдө.

Канатбек Исаев төрагалык кылган депутаттык комиссиянын курамында Евгения Строкова (КСДП), Авазбек Абдугапаров («Республика-Ата Журт»), Алмазбек Токторов («Кыргызстан»), Тазабек Икрамов («Өнүгүү-Прогресс») Мамасадык Бакиров («Бир Бол») жана Эмиль Токтошев («Ата Мекен») бар.

Copyright © 2017 Maral FM