Биз менен байланышыңыз

УКМК журналист Бобомурод Абдуллаевди Өзбекстанга өткөрүп берди

Өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевди УКМК коңшу мамлекеттин суранычы менен өткөрүп берди. Ал 10-августта кыргызстандын укук коргоо органы тарабынан кармалып, тергөө иштери аяктагыча 30 күнгө камалган. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына ылайык, Өзбекстан буга чейин мамлекеттин кызыкчылыгына каршы оор кылмыш жасаган деген доомат менен Бобомурод Абдуллаевди өткөрүп берүүнү суранган.

Мекеме кабарлагандай, коңшу мамлекеттин укук коргоо органдары журналистке каршы күч колдонулбашына кепилдик берип, ага керек болсо медициналык кызмат көрсөтүлөрүн убада кылды. Бул процесс Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана эки мамлекеттин өз ара макулдашууларынын негизинде жүрдү.

Бобомурод Абдуллаевге Өзбекстандын күч органдары тарабынан «социалдык тармактарда «Кора мерган» каймана аты менен мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген макалаларды жазган» деген доомат коюлган. Бирок, Абдуллаев кармалгандан бери «Кора мерган» социалдык тармактарда дагы деле макала жарыялап жатканын өзбекстандык басылмалар жазып жатышат. Журналист буга чейин 2017-жылы Ташкентте укук коргоо органдары тарабынан кармалып, кийин 2018-жылы соттун чечими менен боштондукка чыккан.

Ал Бишкекке февраль айында Европадан келип, пандемияга байланыштуу чек аралар жабылгандан кийин кайра кете албай калган.

 

Copyright © 2017 Maral FM