Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Бактыбек Калмаматовдун сот отуруму өтөт

Кыска кабар | 11 Янв 2022 | 521 | 0

Бүгүн, 11-январда Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда абактагы саясатчы Бактыбек Калмаматовдун сот отуруму өтөт.

Камактагы саясатчы Бактыбек Калмаматовдун жакындары жана тарапташтары 3-январда Ош шаарындагы аянтка митингге чыгышып, анын бошотулушун талап кылышкан.

Бактыбек Калмаматов 22-декабрда түнкүсүн «Манас» аэропортунан кармалган. Ага «расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козутуу» беренеси менен айып тагылууда.

Саясатчынын тарапташтары коюлган айыпты четке кагып, куугунтук катары сыпатташууда.

Copyright © 2017 Maral FM