Биз менен байланышыңыз

Калмаматов: Кадрдык саясат адамдын ниетин көрсөтөт

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Ноя 2020 | 850 | 0

Адамдын ниети кандай экени биринчиден, кадр саясатынан билинет. Мындай пикирин саясатчы, экс-депутат Бакытбек Калмаматов «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Бүгүн Садыр Жапаров түзгөн өкмөттө экономикалык кризистен чыгара турган бирөө барбы? Эч кимисинде жок. Моралдык карыздан кутулуу менен гана алек болуп коюшту. «Өзү жалгыз басып алды» деген сөздү көмүскөдө калтыруу үчүн кээ бир партиялардан алып келип, кызматка коюп койду. Бийликтен бир гана Сооронбай Шарипович кетип, калгандары ордунда отурат. Бул машина жарабайт, бардык тетиктери сынык. Кадрдык саясат адамдын ниетин көрсөтөт», — деди Калмаматов.

Ал биринчи вице-премьер министр Артем Новиковду сынга алып, кезинде Экономика министри болуп турганда да эч нерсе кылбаганын белгиледи.

Анын айтымында, вице-премьер-министрлер экономиканы гана эмес, мамлекеттин саясатын жакшы түшүнүүгө тийиш.

Калмаматов Жапаровдун кадр саясатын сындап, бийликти бекемдеп калуу башкы максаты экенин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM