Биз менен байланышыңыз

Калпыстыкка жол берген кадр саясаты

Саясат | 10 Фев 2021 | 1366 | 0

Элдин нааразычылыгынан улам Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кызматына келген Эрмек Нургазиев кайра ишинен алынып, бир күндө эки кадр алмашты. Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары Өкмөт башчы Улукбек Марипов жана анын командасын да сындап, тажрыйбасыз кызматкерлер келгенин айтып келишкен. Өлкөдө 30 жылдан бери бийликтин алмашуусу менен туура кадр тандоо негизги көйгөйгө айланып келет. Мамлекет канткенде туура кадр саясатын жүргүзөт? Бул суроонун алкагында серепчилердин пикирин тыңдадык. 

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан баштап, кадр саясаты аксап, бир топ мүчүлүштүктөр кетирилип келет. Себеби кадр тандоодо калпыс мамиле жасалып жатат. Кадрларды даярдоодо Советтер Союзундагыдай эң жөнөкөй кызматтан баштап, жогорку кызматка чейин өстүрүү деген маселе каралбай калгандыгын Мамлекеттик кадр кызматынын мурдагы төрагасы, КР эмгек сиңирген юристи Чолпонкул Арабаев билдирди.

Парламенттик-президенттик башкарууга өткөндө парламент аркылуу кызматкерлерди дайындоо маселесинде шайлоодо көп добуш алган партиялардан кадрлар тандалды. Бир күн да мамлекеттик кызматта иштебеген адамдар, жөнөкөй кызматты айтпай эле коелу, эң жогорку кызматка чейин жетти. Андай кадрлар барган тармагын билбесе, андан кандай алдыга жылдырууларды, ийгиликтерди күтсө болот? Кадр тандоодо кылдат мамиле кылып, мүмкүн болушунча профессионалдуулук жагын кароо керек. Мекенчил, таза кадрларды алып келсе, сөзсүз түрдө жылыш болот. Жооптуу кызматтарга басып өткөн жолун тыкыр изилдеп, керектүү учурда укук коргоо органдарына кайрылуу жиберип, каратып көрүү керек. 

Даяр кадрлар жок болгондуктан, кызматкер даярдоодо анча-мынча жаңылышуулар болот. Ошол эле учурда жаштарды жана жаңыларды алып келүү керек деген түшүнүк болуп жатат. Ошондуктан мурдагы тажрыйбалуу, кыраакы, улгайып калган кадрлар менен жаштарды айкалыштыруу кажет. Мындай пикирин коомдук ишмер, легендарлуу парламенттин депутаты Кемелбек Ашыралиев айтты.

— Мисалы, министр илгертен бери иштеп келген тажрыйбалуу адамдан болсо, анын орун басарын жаштардан коюу керек. Же министр өзү жаш болуп кала турган болсо, белгилүү адамдардан орун басар кылуу керек. Кыргызча айтканда, майлуу-койлуу кылганда, ошондо кадр саясатын туура жүргүзгөн болобуз. Мамлекеттин кадр кызматында таңгакталган документтер жатат. А булардан эч ким албайт. Каратып туруп эле, эч жерде көрүнбөгөндөр, эч конкурска катышпагандар кызматтарга келип калат. Президенттин алдында кызматкерлерди даярдаган академия бар, ошону бүткөндүн баары эле кызматка барган жери жок. Кызматты теориялык гана окуп-билүүгө болбойт, ошол кызматтын ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, тармактагы маселелерди терең билиши зарыл. Кадрлар ылдый жактан өйдө көтөрүлүшү керек. Бизде жөн эле талаада жүргөндөрдү «акчасы бар экен» деп алып келип коюп коет. Же болбосо, «Кудамдын кудасы экен» деп кызмат берет. Бизде бийликке келсе эле ач көздөнүп, «жешим керек» деп, эки аял алып баштайт. Жогорку кызматтагылар жаштарга үлгү боло алышы керек.

Ашыралиев ошондой эле элге ак кызмат кыла турган кадрлардын тарбияланышы өлкөнүн баалуу байлыгы экендигин кошумчалады.

Саясатчы Эмилбек Каптагаевдин пикиринде, өлкөдө бирдиктүү система калыптанмайынча, кадр тандоодо кемчиликтер боло берет. Андыктан «дайындап койсо иштей берет» деген принципти жок кылуу керек.

— Биз чөлдө, эч нерсе жок жерде мамлекет курган жокпуз да. Буга чейинки 30 жылдык эгемендүүлүк, ага чейинки тарыхыбыз бар. Ошондуктан кадрды тандап жаткандар буга чейинки кемчиликтерди эске алуу менен тыкыр мамиле жасашы керек. Ар бир кадр тандоодогу жаңылыштыгы, кечээги Бишкек мэрин дайындоодогу 2 күндөгү окуя, бийликке карата, бийликтин жасаган жакшы иштерине карата ишенимди азайтат. Коомдук пикирди сөзсүз эске алуу керек. Кадрдын биринчи кезекте тазалыгы, тажрыйбасы, билими эске алынышы керек. «Коюп койсо эле, дайындап койсо эле иштей берет» деген принциптен кетишибиз керек. Тилекке каршы, көп жылдан бери мына ошого өтүп алдык. «Коюп койсо боло берет да» деген менен көп нерседен аксап жатабыз. Ошондуктан азыр деле кадр тандоого тиешеси бар адамдар чогулуп, ар бир кадрды талдоодо, тандоодо өтө жоопкерчиликтүү мамиле кылуу керек. 

Ал эми саясатчы Өмүрбек Абдрахманов демократиялык система курулмайынча, кадр саясаты чечилбей тургандыгын айтып, шаар мэрин эл шайлашы керектигин кошумчалады.

— Акылдуу кишилерди «дурачок» деп коюшат. Ошондуктан демократиялык система курмайынча, эч качан кадр маселеси чечилбейт. Кадр маселесин мисалы, шаарга да таба албай жатат. Азыр кимди издеп жатат? Албетте, өзүнүн тааныштарын. Кечээки мэрди ким түрттү? «Президент Садыр Жапаровдун тегерегиндегилер түрттү», — деди өзү. «Барып эки жолу сүйлөштүм», — дейт. Анан эл чурулдап чыккандан кийин алганга мажбур болду. Ошондуктан шаардын мэрин эл шайлашы керек. Эл өзү шайлап алсын, ошондо элдин үмүтүн актаганга жанталашып аракет кылат. Кызматка барган киши өзү иштей турган система түзүшү керек. 

Эске салсак, Садыр Жапаров президенттик кызматка киришкенден кийин «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Жарлыкта мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кадр тандоодо алардын кесипкөй жана моралдык-адеп-ахлактык сапаттарына көңүл бурулары, мурда коррупциялык кылмыштарга аралашкан адамдарды дайындоого тыюу салынары, кадрлар сынак аркылуу тандалып алынары жазылган.

Copyright © 2017 Maral FM