Биз менен байланышыңыз

Бактыбек Калмаматов элди бөлгөн деп айыпталууда

Саясат | 22 Дек 2021 | 2732 | 1

Саясатчы Бактыбек Калмаматовду УКМК кызматкерлери 22-декабрга караган түнү саат экилер чамасында «Манас» эл аралык аэропортунан кармап кетишкен. Ага күбө катары сурак берерин айтып, бирок кайсы иш боюнча экенин маалымдаган эмес. Бүгүн түштөн кийин Калмаматовдун УКМКнын тергөө абагына 48 саатка камакка алынганы белгилүү болду. Ага «расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козутуу» беренеси менен айып тагылууда. Саясатчынын тарапташтары коюлган айыпты четке кагып, куугунтук катары сыпатташууда. Калмаматовдун кармалышынын себептерине алдыда кененирээк токтолобуз. 

21-декабрда Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков, коомдук ишмер Мыктыбек Арстанбек, экс-депутат Бактыбек Калмаматов 14 күндүк кичи ажылыкка (умрага) бара жаткан учурда «Манас» эл аралык аэропортунан саясатчы Бактыбек Калмаматовду УКМК кызматкерлери кармап, күбө катары сураларын маалымдап, андан соң тергөө бөлүмүнө алып кетишкен. Ал аэропорттон «Фейсбук» баракчасы аркылуу видеокайрылуу жасап, тынчсызданууга негиз жоктугун, бир да ишке тиешеси болбогонун айткан.

«Мен алардан сурасам, УКМКнын башкармалыгы: «Калмаматовду кармагыла жана мага маалымдама бергиле», — деп тапшырма берген экен. Азыр мага УКМКнын эки кызматкери келип, УКМКнын имаратына алып бара жатышат. Мени күбө катары чакырып жатат экен, бирок эмне иш боюнча экенин айтышкан жок».

Бүгүн түштөн кийин Бактыбек Калмаматов 48 саатка камакка алынганын «Азаттык» партиясынын төрагасы Исмаил Исаков билдирди. Ал саясатчынын кармалышын мыйзамсыз деп эсептейт. Себеби ага УКМКнын билдирүүсү түнкү саат 01:00дө берилген. Ошол эле учурда Калмаматов Умра сапарынын алдында Чек ара кызматына чалып, сыртка чыгууга уруксат бар-жогун тактап, андан кийин билет сатып алган.

«Азыр эле силерге маалымат берип жатканда «соттун чечими чыкканга чейин 2 күнгө убактылуу кармашыптыр» деп уктум. Албетте булар мыйзамды одоно бузуу менен кармашты. Себеби ага УКМКнын билдирүүсү түнкү саат 01:00дө берилген, бул да — мыйзамсыз. Андан башка Калмаматов Умра сапарынын алдында Чек ара кызматына чалып, ага чыгууга уруксат бар-жогун тактап, андан кийин билет сатып алган. Чек ара кызматы: «Чыксаңыз болот, сизге эч кандай чектөө жок», — деген. Атайылап жасалганбы, айтор, «токтоп туруңуз, оперативдүү маалымат келип түштү» деп, түнкү саат 2де алып келишкен. Ошонун негизинде 2 суткага камалды. Албетте, сот «булардын» буйругун аткарат. Анткени соттор да Башмыйзамга карама-каршы чечим чыгарган фактылар бар. Азыркы соттордон баарын күтсө болот, анткени бир сөз айта алышпайт, баары күн карама, көз каранды. Булар бийликтин буйругун аткара турган сотторду чогултуп алышкан».

Исаков ошондой эле Калмаматовдун кармалышын куугунтук жана адамдын сөз эркиндигине болгон укугун чектөө деп сыпаттады. Азыркы бийлик өзү каалагандай жасалма иштерди жазып бара жатканын белгилеп, мыйзамдуулукту орнотуунун ордуна зулум бийликти орнотуп жатканын сындады.

Көз карандысыз серепчи Руслан Акматбек Бактыбек Калмаматовдун талаш жарата турган беренеге шектелип кармалышы эч кимге аброй алып келбейт деп эсептейт. Анын айтымында, Калмаматов коомго өз позициясын тайманбай айткан лидер катары белгилүү. Бийликке сын айткандарды улам камай бергени жакшылыкка алып барбайт.

«Мына Жогорку Кеңеш жаңы эле шайланды, эми биз бир нукка түшүп, саясий туруктуулукка, легитимдүүлүккө, оңолуу-түзөлүү жолуна түшүшүбүз керек эле. Тилекке каршы, улам эле өлкөнү алдыга чыгара турган кадамдар жасалбай, бийликти коргой турган кадамдар жасалып жатат. 30 жыл ичинде ушундай каталарды байма-бай көрдүк. Эң кызыгы, азыркы жетечилер ушундай каталардын канчасын өздөрү көрүшкөн, ушундай кош стандартка өздөрү дуушар болушкан. Анан аларды кайталаганы көп суроо жаратууда. Бул кош стандарт экени белгилүү болуп калды, себеби 30 жылдан бери өлкөнү талап-тоногондор сыртта жүрөт, эч кандай күнөөсү жоктор сын айтса, камалып жатат. Эми бул — бөлүнүп-жарылууга, мындан кийин да туруксуздукка алып бара турган жол».

Азыр Кыргызстанды бийликтин дарегине сын айткандарды улуттар аралык, этностор аралык, диндер аралык кастыкты козутуу беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартуу кеңири көрүнүшкө айланып баратканын юрист Эржан Кайыпов белгиледи.

«Бул — өтө терс, жаман белги. Себеби сөз эркиндигин чектөө катары кабыл алынып, мамлекет өзүнүн сөз эркиндигин камсыз кылуу боюнча милдеттемесинен баш тартып, адам укугун бузуп жатат дегенди билдирет. Биринчиден, ушул берене жаңы Кылмыш-жаза кодексинде да мазмуну өзгөргөн жок. Бул берене Кыргызстан ратификациялаган эл аралык стандарттарга туура келбейт, себеби бул беренеде так чек ара жок. Мисалы, адам сүйлөгөндө кайсыл чектен баштап кылмышка айланат деген чек так аныкталган эмес. Ошондуктан укук коргоо органдары өздөрү каалагандай, ар кимди ар түрдүүчө жоопко тартат. Калмаматовдун кайсы сөзү ушул беренеге туура келгени белгисиз, мен уккан, мен билген кайрылуулары бул беренеге дал келбейт». 

УКМК тараткан билдирүүгө таянып айтсак, Бактыбек Калмаматов социалдык тармактагы баракчалары аркылуу аймактарды жикке бөлүп жүргөн. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү (расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козутуу) менен иш козголгон.

«УКМК тарабынан туруктуу негизде улуттар, аймактар жана диндер аралык негиздеги ар кандай көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштер жүргүзүлүп келет. Буга байланыштуу улуттук коопсуздук органдары тынчтыкты жана ынтымакты бузган адамдарды аныктоо жана тастыктоо максатында интернет мейкиндигине мониторинг жүргүзүүдө», — деп айтылат таратылган билдирүүдө.

Ошондой эле Калмаматов топтолгон далилдердин жана тиешелүү экспертизанын корутундусунун негизинде камакка алынганын, анын баш коргоо чарасын Биринчи Май райондук соту 48 сааттын ичинде аныктай турганын кабарлашты.

1 пикир

1 пикир

  1. ШАЙЛООБЕК.

    22.12.2021 19:50

    ЭЛДЕР ТҮЗ ЭФИРГЕ АЙТКАНДАРЫНА КОШУЛАМ. МУРДАГЫ БИЙЛИК 5-6 ЖЫЛДА КЫЛГАН САЯСИЙ КУУГУНТУКТООНУ, АЗЫРКЫ БИЙЛИК1 ЖЫЛДА АТКАРДЫ ДЕП ТУУРА АЙТЫЛГАН.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM