Биз менен байланышыңыз

Калмаматов: Саясатта жаштарга жана аялдарга артыкчылык берүү учурдун талабы

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Ноя 2020 | 922 | 0

Экс-депутат Бактыбек Калмаматов саясатта жаш-кары, аял-эркек деп бөлүп кароо туура эмес деп эсептейт. Бул тууралуу ал «Марал» радиосунун «Баарын сүйлөшөбүз» программасында айтты.

Калмаматовдун пикиринде, кыргыз саясатынын жана учурдагы коомдун абалын эске алганда, бөлүп кароо учурдун талабы.

«Негизи жашына же башкага карап бөлбөсөк жакшы болмок. Тилекке каршы, биздин саясатта калыптанып калган адилетсиздикти эске алганда, бөлүп карашка туура келет», — деп кошумчалады.

Белгилей кетсек, саясатчы Бактыбек Калмаматов Жогорку Кеңештин V чакырылышында, 26 жашында депутат болуп келген. Учурда президенттик шайлоого талапкерлер болуу үчүн арыз бергендердин арасында да жаштардын бири болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM