Биз менен байланышыңыз

Бактыбек Калмаматов президенттикке талапкерлигин коёт

Кыска кабар | 12 Ноя 2020 | 878 | 0

Жогорку Кеңештин V чакырылышын депутаты Бактыбек Калмаматов да президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди. Мындай маалыматты анын ишенимдүү өкүлү Максат Исабеков «Маралга» ырастады.

Калмаматов бүгүн, 12-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясына керектүү документтерди тапшырмакчы.

Эскерте кетсек, мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого катыша турган талапкерлердин документтерин кабыл алуу 15-ноябрда аяктайт. Ал эми шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM