Биз менен байланышыңыз

Microsoft MSN журналисттердин ордун роботторго алмаштырат

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Июн 2020 | 592 | 0

Microsoft MSN порталындагы ондогон журналисттерди роботторго алмаштырууну пландап жатат.

Автоматташтырылган тутумдар жаңылыктарды сайтка жарыялоо үчүн билдирүүлөрдү тандашат. Учурда жаңылыктар журналисттер тарабынан тандалып алынат.

Компания белгилегендей, журналисттердин жасалма интеллект менен алмаштырылышы бизнести кайрадан баалоого кадам болуп саналат.

Seattle Times кабарлагандай, июнь айынын аягында болжол менен 50 адам жумушунан айрылышы мүмкүн, бирок журналисттердин белгилүү бир тобу кала берет.

Айрым кызматкерлер «жасалма интеллект редактордук саясат менен тааныш эмес, андыктан сайтта орунсуз материалдар пайда болушу мүмкүн» деп белгилешет.

Copyright © 2017 Maral FM