Биз менен байланышыңыз

БУУнун башкы катчысы: «Журналистке кол салуу — коомго кол салуу»

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Июн 2020 | 593 | 0

БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш журналисттерге кол салууну айыптады. Анын ою боюнча, эркин басма сөзүсүз бир дагы коом акыйкаттыкка жете албайт.

«Журналистке кол салуу — бул коомго кол салуу. Сөз эркиндиги жок демократияга жетүү мүмкүн эмес. Чындыкты айта алган журналистсиз эч бир коом адилеттүү боло албайт «, — деп жазды БУУнун башкы катчысы Твиттерде.

Белгилей кетсек, 30-майда АКШда уланып жаткан массалык нааразычылык акциясында катышуучулар журналисттерге кол салышкан.

Вашингтондо Fox News кабарчылары окуянын чоо-жайын чагылдырып жатканда, аларга кол салуу болуп, чыгармачыл топ качууга аргасыз болгон. Нааразы болгондордун бири: «Күн сайын өзүн ушундай сезе турган кара терилүү адам болуу эмне экенин сезгиле», — деп кыйкырган.

АКШнын Миннеаполис шаарында нааразычылык акциялары 46 жаштагы африкалык-америкалык Джордж Флойд полиция тарабынан кармалып жатканда каза болгондон кийин башталды.

Демонстранттар өкмөткө жана полицияга нааразычылык билдирип, имараттарды, унааларды өрттөп жиберишти.

Copyright © 2017 Maral FM