Биз менен байланышыңыз

Ооганстан: ЖОЖго кол салуу уюштурган адам өлүм жазасына тартылды

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Янв 2021 | 988 | 0

Кабулдагы университетке кол салуу уюштурган адам өлүм жазасына тартылды. Бул тууралуу «1 TV News» өлкөнүн Ички иштер министрлигине шилтеме берүү менен билдирди.

«Кабулдагы университетке кол салуунун уюштуруучусу Одил өлүм жазасына тартылды», — деп айтылат маалыматта.

2020-жылдын 2-ноябрында экстремисттер тобу Кабулдагы университетке кол салып, 35 адамды өлтүрүшкөн.

Башында кампуста жарылуу болуп, андан кийин куралдуу топ юридикалык факультеттин жанынан, китеп жарманкесинин ачылыш аземи болуп жаткан маалда ок чыгарышкан.

Кол салуудан 20дан ашуун адам жаракат алган. Чабуул жасаган үч согушкер коопсуздук күчтөрүнүн дээрлик алты саатка созулган операциясында жок кылынган.

Copyright © 2017 Maral FM