Биз менен байланышыңыз

Ханаудагы ок атуу: 8 адам өлүп, бешөө жарадар

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Фев 2020 | 682 | 0

Белгисиз адамдар 19унан 20-февралга караган түнү Германиянын Гессен аймагына караштуу Ханау шаарында ок чыгарышкан. Окуя болгон жер курчоого алынып, полиция кызматкерлери кылмышкерлерди издеп жатат.

Майндагы Франкфурттан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан федералдык Гессен аймагына тиешелүү Ханау шаарында белгисиз адамдар ок чыгарган бул кол салуудан кеминде сегиз адамдын өлгөндүгү айтылууда. Мындай маалыматты жергиликтүү полиция кызматы билдирген.

Көргөн-билгендердин айтымында,19-февралдын түнүндө Ханаудун борбордук бөлүгүндө жайгашкан кальян чегүүчү жайлардын биринде белгисиз адамдар 3 адамды атып салышкан. Кол салгандар дароо изин суутуп кетүүгө үлгүрүшкөн. Бир аз убакыт өткөн соң ушундай эле окуя шаардын Кессельштат аттуу районунда кайталангандыгы тууралуу маалымат тараган. Курмандыктардын бардыгы жаш жигиттер болгон. Арасында бир аялзаты бар.

Окуя болгон жер курчоого алынып. Белгисиз кылмышкерлерге издөө салынды. Ханаудагы кесиптештерге жардам берүү үчүн Бавария жергесинен да полиция кызматкерлери келишкен.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM