Биз менен байланышыңыз

Акыркы беш жылда эң көп кылмыш 2020-жылы катталган

Кыска кабар | 5 Дек 2021 | 603 | 0

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, 2020-жылы кылмыш жана жорук жасаган 24 миңден ашык адам аныкталган. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 20 пайызга көп. Акыркы беш жыл ичинде аялдар арасында да, эркектер арасында да кылмыштардын жана жоруктардын эң көп саны 2020-жылы катталган. Бул негизинен 2020-жылы COVID-19 пандемиясынын учурунда чектөөлөрдүн киргизилиши менен шартталгандыгы айтылып келет.

Кылмыш жана жоруктар жасаган аялдардын жана эркектер саны

(адам)

Кылмыштарды жана жоруктарды жасагандардын жалпы санынын 17 %дан ашыгы аялдарга жана 83 %га жакыны эркектерге туура келди.

2020-жылы кылмыштардын жана жоруктардын эң көп саны 29 жаш жана андан улуу курактагылар тарабынан жасалган. Бул жалпы кылмыш жана жорук жасап кармалгандардын 68 %ын түзөт.  Андан кийинки 18-24 жаштагылар — 15%дан ашыгы, 25-28 жаштагылардын үлүшүнө 12 %дан ашыгы туура келди, ал эми 14-17 жаш курактагы топтун үлүшүнө 4%дан ашыгы кылмыш жана жорук жасагандар түздү.

2020-жылы жынысы жана жаш курактык топтору боюнча кылмыш жана жорук жасаган аялдардын жана эркектердин саны

(жыйынтыкка карата пайыз менен)

Кылмыштуулуктун эң көп таркалышы аялдар арасында бейбаштык (мыйзам бузган аялдардын жалпы санынын 26 %ы), уурулук 20 % жана алдамчылык 13 %га жакыны болуп саналат. Эркектерди алсак, алар уурулук 23 % жана бейбаштык 16 % менен көбүрөөк кылмыш кылышат.

2020-жылы кылмыштын айрым түрлөрү боюнча кылмыш жана жорук жасаган аялдардын жана эркектердин саны

(жыйынтыкка карата пайыз менен)

Copyright © 2017 Maral FM