Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Кыздарды сойкулукка мажбурлап, чет өлкөгө жөнөтүп турган аял кармалды

Кыска кабар | 30 Дек 2020 | 1709 | 0

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан 1972-жылы туулган Р.Е. аттуу жарандын жашаган жеринен кендир жыттанган кара кочкул түстөгү зат табылып алынган. Соттук-химиялык изилдөөнүн корутундусуна ылайык, табылган зат салмагы 8 граммды түзгөн «марихуана» экендиги аныкталган. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Мындан тышкары, изилдөө иштеринин натыйжасында, кармалган жарандын башка кылмыштуу иштерге тиешеси бар экендиги аныкталып, Р.Е. аттуу жаран жаш кыздарды чет өлкөлөргө сойкулук кызмат көрсөтүүгө мажбурлап жөнөтүп жүргөндүгү маалым болгон.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

Аталган жарандан жабыркагандар болсо, (0312) 62-08-53, (996) 500 01-33-53 номерлерине байланышып, билдирүү калтырса болот.

Copyright © 2017 Maral FM