Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын 3 тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу «АКИpress» агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, кармалган жарандар пара талап кылууга шектелүүдө.
Болжолдуу маалымат боюнча, алар мал уурулукка байланыштуу кылмыш иш козгобоо үчүн 4 миң доллар талап кылышкан. УКМК менен ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери шектүүлөрдү 18-мартта 40 миң сом алып жатканда кармаган.