Биз менен байланышыңыз

Арашанда карантиндик тосмодо ок атылды

Кыска кабар | 19 Апр 2020 | 2776 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Чүй облусунун Арашан айылында карантиндик тосмодогу элдик кошуун менен белгисиз бирөөлөрдүн ортосунда чыр чыгып, ок атылды. Окуя кечээ, 18-апрелде катталганын Чүй милициясы кабарлады.

Белгисиз жарандар аталган аймактагы тосмодон квадрацикл унаасы менен өтүүгө аракет кылышкан. Уруксат берилген эмес. Натыйжада ортодо чыр чыккан. Мындан улам жолоочулар куралдан ок чыгарышып, окуя болгон жерден жашырынып кетишкен.

Бул боюнча жергиликтүү тургундан милицияга арыз түшкөн. Окуя Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Copyright © 2017 Maral FM