Биз менен байланышыңыз

Ноокенде октон жаракат алган жоокер ооруканада дарыланууда

Кыска кабар | 17 Авг 2021 | 584 | 0

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы 2027 аскер бөлүгүндө катардагы аскер М.Ж. нөөмөт учурунда кокустан өзүн автомат менен көкүрөккө атып алган. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Жаракат алган аскер апасынын кароосунда Ноокен аймактык ооруканасында дарыланып жатат. Абалы канааттандырарлык.

Окуя тууралуу аскердин туугандарына, Жалал-Абад гарнизонунун Аскер прокуратурасына жана укук коргоо органдарына маалымдалган. Учурда иштин чоо-жайы иликтенүүдө.

Катардагы аскер М.Ж. армияга 2021-жылдын жазында чакырылган. Ал Куралдуу Күчтөрдө кызмат өтөгүсү келбегендиктен, бөлүктүн психологунун көзөмөлүндө болгон. Алдын ала божомолдор боюнча ал кызматтан качуу максатында өзүн атышы мүмкүн.

Copyright © 2017 Maral FM