Биз менен байланышыңыз

Чек ара кызматы: Унжу-Булак аймагында абал туруктуу

Кыска кабар | 6 Июн 2021 | 832 | 0

Бүгүн, 6-июнь саат 15.30га карата Чоң-Алай районунун Унжу-Булак аймагында абал туруктуу. Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссияларынын төрагаларынын сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында, тараптардын кошумча жайгаштырылган күчтөрүн жана мүлкүн алып кетүү иштери аяктады.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгаштырылган Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чек ара кызматы күчөтүлгөн режимде ишин улантууда.

Эске салсак, Тажикстандын аскер кызматкерлери Делимитация жана демаркация процесси аяктаганга чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын тактала элек тилкелеринде кандайдыр бир иштерди жүргүзүүгө тыюу салуу жөнүндө макулдашууларга карабастан, келишимдерди бузуп, 4-июнь саат 03:00дө Кыргызстандын аймагына 1000 метр аралыкка кирип, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак мамлекеттик чек арасынын тактала элек бөлүгүнө контейнер орнотушкан. Министрлер кабинети тажик тараптын мындай аракети коңшулук жана достук мамилелерге туура келбей турганын айтып сындады. Камчыбек Ташиев башында турган чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз делегациясы окуя болгон жерге барып тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Кыргызстан менен Тажикстан чек ара боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алышты

Copyright © 2017 Maral FM