Социалдык тармактарда Ооганстандан качкындар Кыргызстанга келип жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Кыргызстандын Ооганстан менен жалпы чек арасы жок. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Чек ара кызматы Ооганстанда болуп жаткан окуяларга жана Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын чек араларындагы абалга тыкыр көзөмөл жүргүзүп жатат.

Кыргызстандын Чек ара кызматы коңшу мамлекеттердин чек ара өкүлдөрүнүн аппараты менен өз ара кызыкчылыкты жараткан маалыматтар менен ич ара алмашып турууну күчөткөн.

Кыргызстандын мамлекеттик органдары жана укук коргоо органдары менен биргелешкен аракеттер планы жана мамлекеттик чек арадагы кырдаал курчуп кеткен учурда өз ара аракеттенүү механизми иштелип чыкты.

Коопсуздукту камсыздоо максатында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек тилкесине убактылуу чек ара бекети коюлду.  УКМКнын Чек ара кызматы башка күч түзүмдөрү менен биргеликте пландык чалгындоо-издөө аракеттерин жүргүзүүдө.

Чек ара кызматы чет өлкөлүк жарандар Кыргызстандын аймагына уруксат документтери болгондо гана өткөрүү пункттары аркылуу кире аларын эскертет.

Мамлекеттик чек аранын бардык аймагында абал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлөт. Кыргызстандын чек арачылары күнүмдүк режимде кызмат өтөшүүдө.