Биз менен байланышыңыз

Тажикстанга аткезчилик жол менен бараткан жүк кармалды

Кыска кабар | 21 Ноя 2021 | 451 | 0

20-ноябрда Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары тарабынан чек арадан мыйзамсыз аткезчилик жүктөрдү алып өтүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Чек ара кызматы Лейлек районуна караштуу Маргун-Арка унаа жолунда кызмат өтөө учурунда Кыргызстандын 1991-жылы туулган Р.С., аттуу жарандын башкаруусунда «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаасын токтотууга аракет кылган. Бирок айдоочу чек ара кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей жогорку ылдамдыкта аскер кызматкерлеринин жанынан айдап өтүп кеткен.

Чек ара кызматы асманга эскертүү иретинде ок чыгарып, аргасыздан унааны токтотуу максатында дөңгөлөгүн көздөй ок чыгарган.

Унааны текшерүү учурунда бир тоннадан ашык конфет аныкталып, айдоочуда жүккө тиешелүү документтер болгон эмес. Айдоочу жүктөрдү Кыргызстандан Тажикстанга алып өтүүгө аракет кылган.

Тиешелүү иш-кагаздары толтурулгандан соң кармалган айдоочу жана жүк териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн компетентүү органдын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM