Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек ара өкүлдөрү акыркы маселелер боюнча жолугушту

Кыска кабар | 23 Авг 2021 | 1578 | 0

Кечээ, 22-августта Баткен облусунун Баткен районунун Төрт-Көчө аймагында Баткен облусундагы чек ара өкүлү менен Тажикстандын Исфара аймагынын чек ара өкүлү жолугушту. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар Эки-Таш аймагында Кыргызстандын жаранына таандык болгон унаага таш ыргытуу фактысы, ошондой эле «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайынын жанында чек арага жакын жерде тажик тарап тарабынан жүргүзүлгөн иштер боюнча сүйлөшүштү.

Чек ара: Белгисиз адамдар кыргызстандык жарандардын 2 унаасын таш менен ургулаган

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн кызмат өтөө учурунда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары тарабынан кошумча чаралардын комплексин аткаруу чечимдери кабыл алынды.

Мындан тышкары, тараптар укук коргоо органдарына унаага таш ыргытуу фактысы боюнча иликтөө иштерине жардам көрсөтүшөт.

Ошондой эле чек ара өкүлдөрү чыр-чатактарды алдын алуу үчүн чек ара аймагынын тургундары арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшмөкчү.

Эске салсак, тажик тарап «Головой» суу бөлүштүрүүчү жайынын жанында чек арага жакын жерде траншея казуу иштерин токтоткон.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги абал туруктуу.

Чек ара кызматы: Тажик тарап траншея казуу иштерин токтотту

Copyright © 2017 Maral FM