Биз менен байланышыңыз

Айжигитов: Тажикстан Кыргызстанды жаңы келишимдерге барууга мажбурлоону көздөп жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 7 Июн 2021 | 1355 | 0

Чоң-Алайда 4-июнда орун алган окуя —  тажик тараптан болгон таза провокация. Мындай пикирин Баткен облусунун мурунку губернатору Султанбай Айжигитов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мунун бир себеби: чек араларды жаап койгондон кийин Тажикстан продукцияларын сата албай кыйналып калганы. Ошон үчүн алар өздөрүнө көңүл бурдуруу максатында, Кыргызстанды жаңы келишимдерге мажбурлоо үчүн ушундай жолго барып жатышат.

«Эл аралык коомчулуктун көз алдында алар өздөрүн жалынбаган, эгемендүү, талап кое алган мамлекет катары көрсөткөнгө аракет кылып жатышат. Мындай жолго түшүп жатканынын дагы бир себеби: акыркы 5 жылда өзүнүн армиясын, аскерин күчтөнтүү үчүн ким канча  акча сарптаганы. Тажикстан 5 жылдын ичинде өзүнүн армиясына 121 млн доллар, биздикилер 5 млн долларга жетпеген акча сарптаптыр. Мынча акча сарптагандан кийин анын жыйынтыгын көрүшү керек. Колунда күч тургандан кийин аны колдонуп жатат», — дейт экс-губернатор.

Copyright © 2017 Maral FM