Биз менен байланышыңыз

Тажик тарап келишимдерди бузду: Чоң-Алайдагы акыркы абал

Саясат | 4 Июн 2021 | 2506 | 0

Тажикстандын аскер кызматкерлери Делимитация жана демаркация процесси аяктаганга чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын тактала элек тилкелеринде кандайдыр бир иштерди жүргүзүүгө тыюу салуу жөнүндө макулдашууларга карабастан, келишимдерди бузуп, бүгүн, 4-июнь саат 03:00дө Кыргызстандын аймагына 1000 метр аралыкка кирип, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак мамлекеттик чек арасынын тактала элек бөлүгүнө контейнер орнотушкан. Министрлер кабинети тажик тараптын мындай аракети коңшулук жана достук мамилелерге туура келбей турганын айтып сындады. Камчыбек Ташиев башында турган чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз делегациясы окуя болгон жерге жөнөп кетти. Ал эми Мамлекеттик чек ара кызматы күчөтүлгөн режимде иштөөгө өттү. Чек арадагы абалга алдыда кененирээк токтолобуз.

Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашкандай, Чоң-Алай районуна караштуу Унжу-Булак айылында бүгүн, 4-июнь саат 03:00дө тажик тарап Кыргызстандын аймагына 1000 метрге кирип, чек аранын топографиялык иштер боло элек тилкесине контейнер коюшкан. Ошондой эле тажик тараптын автомобили жана жеңил брондолгон техника менен аскер кызматынын өздүк курамынын топтолушу байкалган.

«Тажик тарап делимитация жана демаркация боюнча буга чейин макулдашылган сүйлөшүүлөрдү бузуп, түнкү саат 03:00 чамасында Кыргызстандын аймагына кирип, Чоң-Алай районунун Унжу-Булак аймагындагы чек аранын топографиялык иштер боло элек тилкесине контейнер коюшту. Ошону менен бирге тажик тараптын автомобили жана жеңил брондолгон техника менен аскер кызматынын өздүк курамынын топтолушу байкалган. Кыргыз тарап чыр-чатак болуп кетпеши үчүн тиешелүү бардык чараларды көрүп жатат. Таңкы саат 6:00гө карата тажиктер орнотулган контейнерди калтырып, өздөрү андан 600 метр алыстап кетишкен. Мамлекеттик чек ара кызматы күчөтүлгөн режимде иштөөгө өттү», — деп билдирди чек ара кызматы.

Чоң-Алай районунун акими Темирболот Абыкеев саат 11:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында абал тынч экенин, эки өлкөнүн чек ара кызматы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирди.

«Чек арада абал тынч. Чек ара тилкесинде эки мамлекеттин чек ара кызматкерлери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Камчыбек Ташиев да Бишкектен «Альфа» атайын бөлүгү менен бул жерге келип сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Негизгиси абал тынч. Болгону эки мамлекеттин тең чек ара кызматкерлери ал жерге кирбеши керек болчу. Бирок тажик тарап туура эмес кадам жасап, эки өлкөнүн ортосундагы такталбаган жерге келишти. Бизге берилген оперативдүү маалымат боюнча, ал жерде төрт «Камаз» бар, 20дай чек ара кызматкери турат. Чек ара кызматынын Ош аймактык өкүлү барып, азыр сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат».

Буга чейин социалдык тармактарда 18-майда Чоң-Алай районун Кароол-Дөбө жана Унжу-Булак аймактарына тажик аскерлери кирип алган деген маалымат тараган. Окуя болгон жерге чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Чынарбек Насиев барганы да маалымдалган.

Бул маселени депутат Аккулу Бердиев Жогорку Кеңештин 19-майдагы отурумунда да көтөрүп, «тажик тарап чек арада окоп казып отурат» деген маалымат түшүп жатканын билдирген.

Чек ара кызматы Бердиевге жооп катары Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу экенин 19-майда кабарлаган. Ошондой эле эки өлкөнүн Ош жана Лахш облустары боюнча чек ара башкармалыктарынын жумушчу топтору жолугушуп, Унжу-Булак жайыты такталганга чейин аны кайтарбоого макулдашканын билдирген.

Жогорку Кеңештин депутаты Аккулу Бердиев ушундай кооптонуу буга чейин болгонун айтат. Депутат аталган аймак кооптуу экенин, 1999-жылы биринчи чоң кол салуу Чоң-Алайда болгонун билдирип, алдын алууну парламентте бир нече жолу көтөргөн.

«Жогорку Кеңештен көтөрүп жаттым: «Ал жер өтө кооптуу жер, алдын алуу керек», — деп. Ошондон кийин байкашты. Тынч эле экен деген сөз менен бүгүнкү күндө ушундай окуя болуп жатыптыр. Эми булар менен тынч сүйлөшүп, жанагы делимитация жана демаркация боло элек жерлерди, такташа элек жерлерди такташса. Ар ким өзү тарапта турушу керек. Ортодо келишпестик болуп кетпеши үчүн Кыргызстан өзүнүн тарабында, Тажикстан өзүнүн тарабында сүйлөшүүнүн негизинде турушу керек». 

Чоң-Алай районун Кара-Тейит айылынын тургуну Исмат Султанов чек ара аймагында абал оор бойдон турганын айтат. Анын айтымында, айыл тургундарынын негизги максаты: эл-жерди коргоо жана ата-бабалардан калган жерди сактап калуу. Ошондой эле ал жергиликтүү тургундар чек арадагы күч түзүмдөрүн күчөтүү менен өзгөчө макам берип, чек араны тактап берсе жакшы болот эле дейт.

«Аккулу Тагаевич деген депутатыбыз: «Чоң-Алайда абал мына мындай, өтө кооптуу болуп жатат», — деп эскертти эле. Депутатыбызды жалганга чыгарышты. Негизи бизде да башынан эле жайыт маселеси бар. Ата-бабабыздан калган Уйлуу-Булак деген жерди алар мурдатан картага түшүрүп таштап, биздин буга чейинки бийликтегилер: «Жок, ал жер өзүбүздүкү, тиги-бу», — деп, алаксытып келишкен. Бүгүнкү күнү абал оор. Себеби алардагы кыргыздар менен биздеги кыргыздардын карым-катышы бар эле. Ошолор менен телефондон сүйлөшсөк, темир аттарынын баарын алып келип тизиптир. Аскерлери өздөрүнүн картасы боюнча турат экен. Чыңалуу аябай күчтүү. Жогорку жактан келгендер азыр эл менен жолугушту. Кыскасы, Кудай сактасын, элдин баары коркуп-үркүп отурат. Биздин жетекчилер тынчтык жолу менен сүйлөшөбүз деп алар менен жолугушууга кетти». 

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында такталбаган аймакка кирбөө боюнча келишимди бузуп тажик тарап дагы өздөрү биринчи чагымчылдык баштап жатканын коомдук жана саясий ишмер, чек ара маселелери боюнча эксперт Максатбек Дыйканов белгиледи.

Ал мисал катары  бир ай мурда болгон Баткендеги агрессияда тажик тараптын 12 багыт боюнча кол салганын белгиледи.

«Такталбаган жерлерге ар кандай курулуш иштери болбошу керек, пост койбоо керек деген пункттары бар. Ошону бузуп мына тажик тарап дагы провокация баштап жатат. Ошол жерге контейнер орнотуп, техникасын алып келип койгону эч бир рамкага туура келбейт. Тажик тарап өзү качан болбосун провокацияны биринчи баштайт, бирок маалыматты тескери берет. «Мына кыргыз тарап баштады» дешет. Мурдатан эле байкап келе жатпайбызбы, Жерге-Талдын атын «Ляхш» деп өзгөртүп койду. Ал жактагы биздин жарандарды «Кыргызстанга кеткиле» деп, Тажикстандан акырын чыгарып жатышат. Ал боюнча бизге маалыматтар келип жатат. Ошол эле мезгилде биз Кыргызстандагы тажик туугандарга «демократиялуу өлкөбүз» деп аябай жакшы мамиле кылып, көңүл буруп келе жатабыз. Биз эч качан провокация кылып, биринчи баштаган эмеспиз. Булардын контейнер койгону кошуначылыкка, түзүлгөн келишимдерге эч туура келбейт». 

Ал арада Тажикстан УКМКсынын басма сөз борбору кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча маалымат таратты. Тажикстандын УКМКсынын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасынын аймагына чек ара күзөтүн жайгаштыруу протоколдук келишимдин негизинде жүргүзүлгөнүн айтып, аталган аймакты «макулдашылган» деп атады. Алар Кыргызстандын чек ара боюнча жасаган билдирүүсү чындыкка дал келбей турганын билдирди.

Тажикстандын Атайын кызматы чек ара боюнча маалымат таратты

Ошол эле учурда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын Кыргызстандагы элчисин чакырып, Ош облусунун Чоң-Алай районунун Унжу-Булак аймагына орнотулган контейнерлерди бузуп, тажик аскерлерин жана аскер техникаларын чыгарып кетүүнү талап кылып, нота тапшырды.

Тажикстандын Кыргызстандагы элчисине нааразылык нотасы тапшырылды

Парламенттен кабарлашкандай, 7-июнда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал тууралуу Министрлер кабинетинин маалыматын уга турган болду.

Чек ара кызматы бүгүн, саат 14:00гө карата Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасынын Унжу-Булак аймагында абал туруктуу экенин кабарлады. Чек ара кызматынын бөлүктөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев башында турган чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз делегациясы Кара-Тейит айылынын тургундары менен жолугушкан. Учурда тажик тарап менен сүйлөшүү жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM