Биз менен байланышыңыз

Тажикстандын Атайын кызматы чек ара боюнча маалымат таратты

Кыска кабар | 4 Июн 2021 | 1311 | 0

Тажикстан УКМКсынын басма сөз борбору кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча маалымат таратты.

Алар Кыргызстандын чек ара боюнча жасаган билдирүүсү чындыкка дал келбей турганын билдирди.

«Кыргызстан менен Тажикстандын чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча Өкмөттөр аралык комиссиясынын ишинин жыйынтыгында жалпы узундугу 986,7 чакырым болгон кыргыз-тажик чек арасынын 519,6 чакырымы белгиленген. Аталган аймакта Шаты ашуусу тактала элек тилкелердин бири болуп эсептелет.

Тараптар мамлекеттик чек аранын аталган тилкесинде чек ара чегин аныктоо боюнча иштерди улантып, өзүнүн сунуштарын берет деп убадалашкан. Макулдашууларга ылайык, Өкмөттөр аралык комиссиянын ишинин алкагында айрым чек ара тилкелери жазылган.

Буга байланыштуу, азыркы тапта Тажикстандын УКМКсынын Чек ара кызматкерлери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын макулдашылган тилкесинде күзөт жүргүзүүдө. Башкача айтканда, протолдук келишимге ылайык чек ара кызматкерлери макулдашылган аймакта коюлган. Экинчи жагынан, Карамык ашуусунда Кыргызстандын тиешелүү инфраструктурасы бар чек ара посту турат.

Аскерлердин аталган тилкеде жайгаштырылышы делимитация, демаркация жана аны юридикалык жактан бекитүү иштерине чейин эки коңшу өлкөнүн мамлекеттик чек арасын коргоодо теңдик принцибин камсыз кылат.

Буга байланыштуу аталган тилкеде делимитация процессин тез арада аяктоо үчүн тараптардын топографиялык жумушчу топторуна мамлекеттик чек ара чийинин белгилөө боюнча иштерди улантуу тапшырмасын берүү сунушталган», — деп айтылат тажик тараптын билдирүүсүндө.

Кыргызстандын Министрлер кабинети бүгүн, 4-июнда саат 03:00дө Тажикстандын аскерлери Кыргызстандын аймагына миң метр кирип, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак мамлекеттик чек арасынын тактала элек бөлүгүнө контейнер орнотконун билдирген.

Ага байланыштуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев жана Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Абдулат Мырзаев кырдаалды жөнгө салуу үчүн аталган аймакка барышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM