Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: Тажик тарап келишимдерди бузду

Кыска кабар | 4 Июн 2021 | 3158 | 1

Министрлер кабинети кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча билдирүү таратты. Анда Тажикстан тарап буга чейин кол коюлган келишимдерди бузду деп айтылат.

Тажикстандын аскерлери делимитация жана демаркация процесси аяктаганга чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын тактала элек тилкелеринде кандайдыр бир иштерди жүргүзүүгө тыюу салуу жөнүндө макулдашууларга карабастан, келишимдерди бузушкан.

2021-жылдын 4-июнунда саат 03:00дө Кыргызстандын аймагына миң метр кирип, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак мамлекеттик чек арасынын тактала элек бөлүгүнө контейнер орноткон.

Муну менен тажик тарап чек арадагы кырдаалды курчутту. Өкмөттүн билдирүүсүндө бул жакшы коңшулук жана достук мамилелерге туура келбей турганы белгиленет.

Буга байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев, Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев жана Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Абдулат Мырзаев кырдаалды жөнгө салуу үчүн аталган аймакка жөнөп кетишти.

Copyright © 2017 Maral FM