Биз менен байланышыңыз

Тажикстандын Кыргызстандагы элчисине нааразылык нотасы тапшырылды

Кыска кабар | 4 Июн 2021 | 940 | 0

Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын Кыргызстандагы элчисин чакырып, нота тапшырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Тажик элчиси Ош облусунун Чоң-Алай районунун Унжу-Булак аймагындагы тажик аскер кызматкерлеринин Кыргызстандын аймагына атайын кирип кеткендигине байланыштуу чакырылды.

«Колдонулуп жаткан келишимдерге карабастан, Тажикстандын чек ара өкүлдөрү чыңалууну басаңдатуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнөн качып, жооп беришпей, байланышпай жатышат. Жагдай курчуп кетпеши үчүн кыргыз тарап тажик тараптан Унжу-Булак аймагына орнотулган контейнерлерди бузуп, аскер кызматкерлерин жана аскер техникаларын чыгарып кетүүнү талап кылды», — деп билдирди Тышкы иштер министрлиги.

Чек ара кызматы бүгүн, саат 14:00гө карата Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасынын Унжу-Булак аймагында абал туруктуу экенин кабарлады.

Чек ара кызматынын бөлүктөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө.

Тажикстандын аскерлери 4-июнда саат 03:00дө Кыргызстандын аймагына миң метрдей кирип, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак мамлекеттик чек арасынын тактала элек бөлүгүнө контейнер орноткон.

Кыргызстандын Министрлер кабинети билдирүү таратып, Тажикстанды буга чейин кол коюлган келишимдерди бузду деп айыптады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM