Биз менен байланышыңыз

Чек ара кызматы: Тажик тарап траншея казуу иштерин токтотту

Кыска кабар | 22 Авг 2021 | 1115 | 0

Тажикстан траншея казуу жана жол иштерин токтотту. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, кечээ, 21-августта болжол менен саат 10:00дө «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайынын жанында чек арага жакын жерде тажик тарап өз аймагына шагыл төгүп, жол иштерин жүргүзө баштаган.

Андан кийин саат 12:00дөрдө тажикстандык жарандар Ак-Суу дарыясынын батыш тарабында атайын техника (1 экскаватор, 1 жүктөгүч, 5 КамАЗ унаасы) колдонуп, траншея каза баштаган.

Ал жумуштарды Исфара шаарынын (Тажикстан) мэриясы жүргүзүп жатканы аныкталган. Ага байланыштуу Кыргызстан менен Тажикстандын чек өкүлдөрүнүн жолугушуусу өткөн

«Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча саат 17:30да тажик тарап жолдогу жана траншея казуу иштерин токтотту», — деп билдирет Чек ара кызматы.

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу.

Copyright © 2017 Maral FM