Биз менен байланышыңыз

Чек ара: Белгисиз адамдар кыргызстандык жарандардын 2 унаасын таш менен ургулаган

Кыска кабар | 22 Авг 2021 | 714 | 0

Бүгүн, 22-августта болжол менен саат 00:30да «Баткен – Исфана» жолунун Эки-Таш деген жеринде белгисиз адамдар Ош облусуна бара жаткан кыргызстандыктардын эки унаасын таш менен ургулаган. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Анын айынан «Мерседес-Бенц» унаасынын эшиги мыйрыйып, «Хонда Стрим» унаасынын айнеги сынган.

Унаада бара жаткандардын ичинде жабыркагандар жок.

Аталган окуя тууралуу Баткен облусунун укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кабар берилген.

«Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жолугушуу өткөрүүнү пландап жатат», — деп билдирет Чек ара кызматы.

Copyright © 2017 Maral FM