Биз менен байланышыңыз

УКМК: Экс-депутат Ибрагимов мамлекеттин эсебине 100 млн сом которду

Кыска кабар | 31 мая 2021 | 1033 | 0

Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты Сергей Ибрагимов мамлекеттин бюджетине өз ыктыяры менен 100 миллион сом которду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы кабарлады.

УКМК Сергей Ибрагимовдун ишмердигин аудит материалдардын алкагында изилдеп, мыйзамдын талаптарын бузган учурду тапкан эмес.

Бирок Ибрагимов республиканын оор социалдык-экономикалык абалын эске алып, акысыз каржылык колдоо көрсөтүүгө мамлекеттин бюджетине 100 миллион сом салым кошкон.

Учурда жогорудагы сумма мамлекеттин эсебине толугу менен которулду.

Copyright © 2017 Maral FM