Биз менен байланышыңыз

Saudi Aramco’нун мунайзат ишканасына кол салынды

Без рубрики | 20 Мар 2021 | 424 | 0

Сауд Арабиянын баш калаасы Эр-Риядга жакын жерде Saudi Aramco мунай компаниясына дрондор кол салды. Натыйжада аталган жайда өрт чыкты.

Кол салуу 19-март күнү болгонун AR басылмасы Saudi Press агенттигине шилтеме берүү менен билдирди. Эч ким жабыркаган эмес жана мунай компаниясы зыян тарткан жок. Ошол эле учурда кол салуу мунай жеткирүүгө таасирин тийгизбегендигин да жазышты.

Окуянын чоо-жайы азырынча белгисиз. Бул боюнча Saudi Aramco компаниясы да үн ката элек.

Буга чейин, 19-мартта Йемен хусилеринин өкүлү, бригадалык генерал Яхья Сарио Saudi Aramco’нун Эр-Рияддагы объектилеринин бирине алты дрон атылганын, соккулардын бири так болгонун билдирген. Бирок ал башка маалыматтарды айткан жок.

Copyright © 2017 Maral FM