Биз менен байланышыңыз

Apple дүйнөдөгү «эң кымбат компания» статусунан ажырады

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Дек 2019 | 633 | 0

11-декабрда рынокко чыккандан баштап Сауд Аравиядагы мунай газын чыгаруучу Saudi Aramco мамлекеттик компаниясынын акциясы 10 пайызга өстү.

Баалуу кагаздардын баасы буга чейин 8,5 долларды түзүп, соодага чыккан биринчи күнү эле 9,39 долларга чейин көтөрүлгөн. Компаниянын рыноктогу капиталы 1,88 триллион долларга жеткен.

Ушундай көрүнүш менен Saudi Aramcoнун акциялары дүйнөдөгү эң кымбат Apple компаниясынан ашып түшкөн. Bloomberg аналитикалык порталынын маалыматы боюнча, америкалык Apple корпорациясынын капиталы 1,19 триллион долларды түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM