Биз менен байланышыңыз

Google менен Apple вирус жуктурган адам менен байланышкандарды аныктаган технология түзөт

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Апр 2020 | 570 | 0

Google жана Apple компаниялары вирус жуктуруп алган адамдын башкалар менен болгон байланыштарын көзөмөлдөө технологиясын иштеп чыгышат. Бул колдонуучулардын коопсуздугуна таасир этпейт жана алардын купуялуулук укугун бузбайт деп ишендиришет компаниялар. Жаңы технологияны ишке киргизүү бир нече айга созулушу мүмкүн.

Google жана Apple компаниялары коронавирусту жуктурган адамдардын ким менен байланышкандыгын аныктоого жардам берүүчү технологияларды түзүү үчүн биригишет. Бул тууралуу билдирүүлөр эки компаниянын расмий сайттарында жайгаштырылды.

Ошол эле учурда, компаниялар колдонуучулардын купуялуулугу жана алардын коопсуздугу бузулбай тургандыгына ишендиришет.

Жаңы технология бийлик органдарына коронавирустун жайылышын ооздуктоого жардам берип, оорулуу адамдын байланыштарын аныктоого мүмкүндүк берет. Аны ишке киргизүү эки баскычта болот.

Биринчи баскыста, Android жана iOS тиркемелеринин өз ара аракеттешүүсүн камсыз кылган программалык интерфейс түзүлөт. Бул колдонуучуларга саламаттыкты сактоо тутумдарынын расмий тиркемелерин орнотууга мүмкүндүк берет. Компания бул ишти май айында бүтүрүүнү пландап жатат.

Экинчи баскычта, компаниялар Bluetoothтун негизинде атайын платформада иштешет, ал бейтаптардын байланыштарын көзөмөлдөйт. Компаниялардын билдирүүсүндө, купуялуулук, ачык-айкындуулук бул  биринчи орунда турат. Ушул этапты ишке ашырууга бир нече ай сарптоо пландаштырылууда.

Коронавирус жаңы аныкталган адам ал боюнча маалыматты тиркемеге белгилейт деп болжолдонууда. Ошентип, ага чейин ал адам менен тыгыз байланышта болгон адамдар билдирүү алышат деп билдирет Bloomberg.

Ушундай технологиялар Сингапурда да ишке киргизилген. Март айында TraceTogether тиркемеси шаардын тургундары үчүн жеткиликтүү болгон. Ал колдонуучуларга кайсы достору менен тыгыз байланышта болгонун жазууга жардам берет.

Колдонмо TraceTogether орнотулган башка смартфондорду көзөмөлдөп турат жана колдонуучулардын ортосундагы аралыкты жана алардын байланышуу узактыгын эсептеп, аларды «эстеп калат». Эгерде адам коронавирусту жуктуруп алса, ал ооруну аныктаганга чейин өзү менен байланышкан адамды эстеп калат.

Copyright © 2017 Maral FM