Биз менен байланышыңыз

Appleдин башкы дизайнери расмий түрдө жумушун токтотту

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Ноя 2019 | 575 | 0

Appleдин башкы дизайнери Жонатан Айвдын сүрөтү компаниянын сайтынан алынып салынды. Бул анын расмий түрдө компаниядагы жумушун токтотконунан кабар берерин The Verge сайты жазды.

Айвдын Appleдан кетери тууралуу жайында эле сөз болгон. Бирок дизайнердин кайсы убакта жумушун токтотору так айтылган эмес.

52 жаштагы Жонатан Айв Apple компаниясында 1992-жылдан бери иштейт. Ал 1996-жылдан бери дизайн бөлүмүн жетектеп келген. iPhone, iPod, Mac сыяктуу технологиялардын дизайны Айвга таандык.

AppleInsider.ru сайтынын түзүүчүсү Михаил Королев дизайнер 30 жылдан бери Стив Жобс менен Тима Куктун көлөкөсүндө аракет кылуудан тажаганын айтат. Анын пикиринде, Айв өз алдынча болуп, смартфон, ноутбуктар менен чектелбеген, өзү каалагандай жана өзүнө таандык чыгармасын жаратып, тарыхта эркин сүрөтчү катары калуу үчүн компаниядан кетти.

Copyright © 2017 Maral FM